Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Өзбекстан: Кыргызстан менен соода көлөмү эки жылда 3,2 эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмү, өзбек тараптын эсебинде, эки жылда 3,2 эсе көбөйдү. Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары ортодогу соода-экономикалык кызматташтык «болуп көрбөгөндөй кызыды», соода-сатык 2017-жылы 253 миллион доллар болсо, 2019-жылы 829 миллион долларга жетти. Быйылкы жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 470 миллион долларга болуп, анын 399 миллионун Кыргызстанга багытталган экспорт түзгөн.

Элчи бул өзбек тараптын расмий статистикасына негизделген маалымат экенин, Кыргызстандыкынан кыйла айырмаланып турарын, ошондуктан эсептөө ыкмаларын изилдеп, орток статистиканы түзүш үчүн биргелешкен жумуш тобу түзүлмөй болгонун кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, 2018-жылы кыргыз-өзбек соода-сатыгынын көлөмү 336,5 миллион долларды түзгөн. 2019-жыл боюнча маалымат жок.

Эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелер 2016-жылы Өзбекстанда жетекчилик алмашканда өзгөрүп, мурдагы жылдарга салыштырганда кыйла өнүгө баштаган. Бирок кыргызстандык ишкерлер өзбек рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгү аз экенин, андыктан пайда анчалык көп эмес экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG