Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:48

Орусия Беларус менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү


Беларус-орус чек арасы.
Беларус-орус чек арасы.

Орусия Беларус менен чек арасында жеңил жана жүк ташуучу машинелердин айдоочуларына, жүргүнчүлөргө паспорттук көзөмөлдү күчөттү. Ошондон улам М1 эл аралык жолунда машинелердин узун тыгыны жаралды.

Саясат талдоочу Юрий Воскресенский «Фейсбуктагы» баракчасына өткөрмө бекетке кошумча күч тартылганын, эки тарапка каттаган белорус жарандарын документ толтурууга мажбурлап, ал тургай телефон номерлерин өйдө жаздырып алып жатышканын жазды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгынын Смоленск облустук бөлүмү эки жакка каттаган беларус жарандарын каттоо тууралуу буйрук түшкөнүн ырастады жана чек ара жабылбаганын билдирди.

Беларустун Чек ара комитети соңку жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Минск шаарына жакын жерде 29-июлда Орусиянын 33 жараны камалган. Беларус бийлиги аларга теракт уюштурууга камынып жаткан деген айып койгон. Москва болсо колго түшкөндөрдү «жеке күзөт ишканасынын жумушчулары» деп атап, алар Беларус аркылуу Түркияга кетүүнү көздөшкөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG