Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Ош-Бишкек жолундагы курулуш кечикти


Ош-Бишкек жолундагы реконструкциялоо иштери. Июль 2020-жыл.
Ош-Бишкек жолундагы реконструкциялоо иштери. Июль 2020-жыл.

Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад участогун реконструкциялоо иштери графиктен кечигип жатат.

Каржылоо жана карантин чектөөлөрү жумуш ыргагын басаңдатып койду. Евразия реконструкциялоо банкынын каржылоосунда аткарылып жаткан долбоор 2022-жылы аякташы керек.

67 чакырымга созулган Маданият-Жалал-Абад жолундагы курулуш иштери айдоочуларды жүдөттү. Акыркы эки жылдан бери казылган жол ары-бери каттагандарга тосколдук жаратып жатат. Айдоочу Алибек Момунбеков буларды билдирди:

«Создуктуруп жүрө бербей, жолду эрте бүтүрүш керек. Бутун сүйрөй албаган адам да ушул убакытка чейин курулушту бүтүрмөк. Үч жыл десе деле отура беребизби? Азыр айдоочунун тапкан төрт тыйын акчасы машинени оңдогонго кетүүдө. Жолго таш төгүп, аны жайып тегиздебегендиктен дөңгөлөктөр жарылып жатат. Азыр эле жолдо бир дөңгөлөгүм жарылып калды. Эгер курулуш ушундай темп менен уланса анда убагында бүтүшү кыйын, дагы узарып кете бериши мүмкүн. Баары коронавирус менен алышып, жолду унутта калтырып коюшту».

Ош-Бишкек жолундагы абал. Июль 2020-жыл.
Ош-Бишкек жолундагы абал. Июль 2020-жыл.

Ош-Бишкек трассасындагы жол тилкесинин 4-фазасындагы курулушу 2018-жылы башталган. Ага Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 60 млн. доллар каражат бөлүп, тендерден азербайжандык «Азвирт» компаниясы 51,6 млн. долларга утуп алган. Долбоорду аткарып жаткан ишкана жергиликтүү эки компанияны көмөкчү катары жалдап, курулуш иштери жүрүп жатат. Компаниянын өкүлү Саадат Багиров буларды айтып берди:

Саадат Багиев.
Саадат Багиев.

«Банктагы каржылоонун кармалышы жана карантин чектөөлөрү ишти бир аз токтотуп койду. Ошол себептен белгиленген графиктен арта калып жатабыз. Транспорт министрлигине жана жергиликтүү бийликке кайрылып, карантиндик шартта жумушту улантууга уруксат алдык. Ошентип биз ишибизди санитардык нормаларды сактоо менен улантып жатабыз».

2019-жылы каржылоонун айынан пландалган жумуштар аткарылган жок. Жыл бою казылган жол каралбай, 200дөй кызматкер айлап эмгек акысын ала албай жүрүшкөн. Мындан улам ишкана былтыр ноябрда курулушту убактылуу токтоткон. Быйыл жанданган жумуштар карантинге карабай жүргүзүлүп жатат. Компаниянын асфальт заводу менен лабораториясы да ишке киришти.

Акжол Бегалиев
Акжол Бегалиев

«Жолдун конструкциясы 59 см. түзөт. Алгач 22 сантиметрден эки катмар шагыл төшөлүп, андан соң эки катмар асфальт басылат. Биринчи катмарда 9 см., экинчисинде 6 см. асфальт төшөлөт. Бул Евробиримдиктин талаптарына толук жооп бере турган 2-категориядагы жол болот», - деди Транспорт министрлигинин өкүлү Акжол Бегалиев.

Реконструкция болуп жаткан Ош-Бишкек жолундагы асфальт басуу иштери ушул тапта 544 чакырымда башталды. Быйыл Сузак, Базар-Коргон райондорунун аралыгындагы 20 чакырым жерге асфальт төшөлөт. Жумушчулар азыр күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүшкөн. Транспорт министрлигинин өкүлү Акжол Бегалиев долбоор боюнча буларды айтты:

«67 чакырымдык жолдун курулушу Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорун аралап өтөт. 12 айыл өкмөттүн 25 айылын камтыйт. Бул курулуштарга жалпысынан 64 млн. доллар каражат каралган. Курулушта 190 жерге ар түрдүү көлөмдөгү жер алдынан өтүүчү түтүктөр коюлат. 40 чакырым жөө адамдар басуучу жол, 32 чакырымга жарыктандыруу, 20 км арык салынат. Жол жээктерине 36 миң түп бак-дарак отургузулат. Мындан сырткары жол курулушуна туура келген 536 имарат ээлеринин документтери такталып, компенсация төлөө боюнча Транспорт министрлигине жөнөтүлгөн».

Жергиликтүү бийлик быйыл каржылоо жагынан маселе жоктугун айтат. Жумушчулардын маяналары да өз убагында берилип жаткан экен. Курулуш иштери план боюнча 2022-жылдын июль айында аякташы керек. Бирок курулуштун токтоп калышы, белгиленген мөөнөттөн кечиктирилгени сыяктуу фактылардан улам азырынча антип айтуу кыйын. Жумушчулардын 90% жергиликтүү тургундар түзөт.

Жалал-Абадда жолдун курулушу токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG