Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Жалал-Абад: курулбаган жол, кыйналган эл


Курулушу токтоп турган Маданият - Жалал-Абад жолу. 15-ноябрь, 2019-жыл.
Курулушу токтоп турган Маданият - Жалал-Абад жолу. 15-ноябрь, 2019-жыл.

Ош-Бишкек автожол трассасынын Маданият - Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган аймагынын курулушу ноябрь айынан тарта токтоду. 

Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен азербайжандык компания баштаган курулуш акча жоктугунан үзгүлтүккө учурады.

Жолдо иштеген жумушчулар алты айдан бери маянасын ала элек. Алардын бири Ырысбек Бакиров буларга токтолду:

- Аткарган жумушубуз үчүн ар бир айдын жетисинде маяна алууга макулдашканбыз. 13 КамАЗдын айдоочусу Базар-Коргондогу участкада иштегенбиз. Башында айлыкты өз убагында эле берип жаткан. Кийин жайлап, акыркысын ушул күнгө чейин алган жокпуз. Ушул жылдын 6-май күнү иш токтогон, ошол күндөн тарта ушул акыбалга кептелдик. Кийинки жума, башка күнү деп отуруп булардын айткандарына ишене албай калдык. Аргасыздан бүгүн бардык айдоочулар чогулуп келүүгө туура келди.

Маянасын ала албаган жумушчулар жол куруучу компаниянын кеңсесине топтолушту.
Маянасын ала албаган жумушчулар жол куруучу компаниянын кеңсесине топтолушту.

Базар-Коргон районунун тургуну Махмуд Турдиев болсо беш айлык маянасын ала албай жүргөн чагы. "Маяна кийинки айда тиет" деген үмүт менен жашаган жумушчу акыры айласы кеткенде аргасыздан жумушун тапшырганын айтууда.

- Мага ай сайын 16 миң сомдон төлөп беришмек. Бирок беш айлык эмгек акымды күтүп жүрөм. Сурап келсек, ар кайсы шылтоону айтышат. Миллион сомго чейин ала албай жаткандар бар экен. Биздин акыбызды качан кайтарат азыр да билбей турам.

Учурда бүтпөй турган Маданият - Жалал-Абад жолунан унаалар каттап жатат.
Учурда бүтпөй турган Маданият - Жалал-Абад жолунан унаалар каттап жатат.

Ош-Бишкек жолунун 4-фазасындагы Маданият - Жалал-Абад участогун куруп жаткан азербайжандык “Азвирт” компаниясы 200дөй кызматкерге май айынан берки маянасын бере элек. Мындан сырткары жол салуу иштери үчүн тартылган жалданма эки компаниянын 200дөн ашуун жумушчулары да маяна күтүп, жол куруу ишин токтотуп коюшкан. Компания жетекчилиги анын себебин каржылоо токтоп калганы менен түшүндүрүүдө.

“Азвирт” компаниясынын шаардагы кеңсесине чогулгандар менен жергиликтүү бийликтин жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү 16-ноябрда жолугушту.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев кийинки жумадан тарта каржылоо башталат деп убада берди.

Ажимамат Исаев.
Ажимамат Исаев.

- Транспорт минитрлигинин алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча дирекциянын башчысы Санжар Асаналиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жумушчулардын талабын жеткирдим. Ал мага бүгүн сүйлөшүп атабыз, кийинки жумага каржылоо болуп калат деп айтты.

67 чакырымга созулган Ош-Бишкек автомобиль трассасындагы жол тилкесинин курулушу былтыр башталган.

Ага Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы 60 млн. доллар каражат бөлүп, тендерден азербайжандык компания 51,6 млн. долларга утуп алган.

“Азвирт” компаниясы андан кийин жергиликтүү эки компанияны көмөкчү катары жалдап, курулуш иштери шыр жүрүп жаткан.

Транспорт министрлигинин Жалал-Абаддагы өкүлү Акжол Бегалиев жолдогу курулуш токтогонун жана каржылоочу тарап түшүнүксүз жолго барып жатканын айтты.

- 4-октябрда каржылоо башталып, банктагы эсеп ачылган. Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы​ болгону жолдогу консультанттарга акча төлөп берип, курулушчу компанияга которгон жок. Азыркыга чейин ар кыл документтерди сурап жатат. Биз алар койгон талаптардын баарын аткарууга аракет кылып жатабыз. Алды үч ай, арты жети айдан бери маянасын ала албай жаткан адамдар бар. "Азвирт" компаниясы 1,8 млн. долларлык жумуш аткарган. Акча түшсө, жумушчуларга маяна берилет.

Жол боюнда иштеген техникалар менен жумушчулардын азыр бири да жок. Казылып чаң баскан жол дээрлик каралбай калгандай абалда турат. Казылган жол ары-бери каттаган айдоочуларды андан бетер түйшүккө салды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыккан.

Бул туурасында өкмөт башчысы ушул аптада парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жаткан учурда баса белгилеген.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Биз азыр Жалал-Абад - Маданият жолун карап жатабыз. Тендерди чет өлкөлүк компания уткан, ичинде жергиликтүү компания жүрөт. Кадамжайдагы жолдо да ушундай. Териштирип жатабыз. Президент өзү баш болуп, органдарга тапшырма берди. Чет жактан келип, тиешелүү кагаздын баарын бүткөрүп, жергиликтүү компанияларга таштап койгон схема бар экен. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда да ошондой. Италиянын компаниясы дейт, бирок ал жерде Италиянын жыты да жок, - деди Абылгазиев.

Эл аралык маанидеги Ош-Бишкек трассасынын бул бөлүгүндөгү курулуш иштери 2014-жылы башталмак. Бирок жумуш созулуп отуруп, 2018-жылдын күз айларында гана башталды.

2021-жылы бүтөрү пландалган жол 2-категорияга кирип, Евробиримдиктин талаптарына толук жооп бере турганын адистер айтып жатышат. Бирок курулуштун токтоп калышы, белгиленген мөөнөттөн кечиктирилгени сыяктуу фактылардан улам азырынча антип айтуу кыйын.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG