Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Рамзан Кадыровдун кайда жана абалы кандай экени белгисиз


Рамзан Кадыров Грозныйдагы ооруканага атайын жабдылган автомобиль берип жатат, 9-май, 2020
Рамзан Кадыров Грозныйдагы ооруканага атайын жабдылган автомобиль берип жатат, 9-май, 2020

Орусиянын бийлиги Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун ушул тапта кайда жана абалы кандай экени тууралуу комментарий бере элек. Буга чейин массалык маалымат каражаттары Кадыров коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөнүн кабарлашкан.

Кадыровго COVID-19 жукканы расмий бышыкталса, Орусияда жаңы вируска чалдыккан жогорку кызматтагы жооптуу адамдардын катарын толуктайт. Буга чейин премьер-министр Михаил Мишустин жана Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго оору жуккан.

«Интерфакс» жана РИА «Новости» агенттиктери медициналык мекемелердеги өз булактарына таянып, 43 жаштагы Кадыров Москвадагы клиникалардын биринде догдурлардын көзөмөлүндө жатканын кабарлашкан.

«База» деп аталган Telegram-канал Кадыровдон коронавирустун белгилери байкалган соң 21-майда атайын учак менен «Москвадагы эң мыкты клиникалардын бирине жеткирилгенин» жазган.

Расмий маалыматка караганда, Чеченстанда 1000ден ашуун киши коронавируска кабылып, 11 бейтап көз жумду.

Буга чейин чечен лидери коргонуучу каражаттар жетишпей жатканына арызданган догдурларга ачууланып, аларды кызматтан айдап ийүүнү жетекчилеринен талап кылган.

XS
SM
MD
LG