Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Ат-Башы: Индиядан дааваттан келген эки адам обсервацияга жаткырылды


Нарын.
Нарын.

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын эки тургуну обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакыт Байказаков билдирди. Анын айтымында, ал тургундар Индиядан дааваттан келген. Бишкекте беш күн карантинде болгон соң айылга келип, Индиядан дааваттан келгенин жашырып коюшкан.

«Дарыгерлердин «үй карантинде болгула» деген талабын сактабай койгондуктан, алар кайрадан райондун борборунда күч менен обсервацияга жаткырылды», - деди Байказаков.

Айыл башчы учурда аймакта коронавирусту жайылтпоо максатында келген-кеткендер текшерилип жатканын кошумчалады.

Буга чейин Нарын облусунун аймагында Пакистандан дааваттан келген бир адамдан коронавирус аныкталган. Ал адам өлкөгө келгенден кийин 1500дөн ашык киши менен байланышта болгону белгилүү болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG