Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Литва тыңчылык үчүн соттолгон орусиялыктардын айыбын кечти


Николай Филипченко. Вилнюстун аймактык соту. 7-июль, 2017-жыл.
Николай Филипченко. Вилнюстун аймактык соту. 7-июль, 2017-жыл.

Литванын президенти Гитанас Науседа тыңчылык үчүн соттолгон орусиялык эки жаран – Николай Филипченко менен Сергей Моисеенконун күнөөсүн кечирди. Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, бул чечим тыңчылык үчүн айыпталгандарды айырбаштоо тууралуу жаңы мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Эми Орусия менен Литва андай айып менен кесилген жарандарын өз ара алмаштыра алат. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Москва аларды литвалык эки кишиге же норвегиялык мурдагы чек арачы Фрод Бергге алмаштырышы ыктымал экенин жазышкан. Берг өз өлкөсүнүн тапшырмасы менен орусиялык суу астында сүзүүчү кемелер жөнүндө маалымат чогулткан деп соттолгон.

Филипченко Орусиянын коопсуздук кызматынын кызматкери катары Литванын жогорку расмий адамдарын кызматташууга азгырууга аракеттенген деп айыпталып, сот 2017-жылы 10 жылга кескен.

Моисеенко «Шауляй» аба базасында кызмат өтөгөн литвалык офицерди кызматташууга тарткан деген айып боюнча 10 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бирок Моисеенко мындай дооматты четке кагып, күнөөнү мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG