Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынат


"Газпром" май куюучу жайы. Архивдик сүрөт.
"Газпром" май куюучу жайы. Архивдик сүрөт.

Күйүүчү жана майлоочу майдын баасы көзөмөлгө алынат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бааларды турукташтыруу маселеси боюнча кеңешмеде тиешелүү органдарга ушундай тапшырма берди. Ал бензин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктүн кымбатташына алып келерин, баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттун басма сөз кызматы кабарлады.

Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбековдун айтымында, күйүүчү май май-июнь айларында кымбаттаган. Ага Орусияда мунайзат өндүрүмүнүн дүң баасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон. Чийки мунайзаттын баасы эмгиче дээрлик үзгүлтүксүз көтөрүлүүдө. Май-июнда эле ал 9-10% жогорулап, акыркы 3,5 жылда биринчи жолу баррелине 80 доллардан жогору көтөрүлгөн.

Кеңешмеде айтылгандай, 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна автоунаа бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG