Хомс - Сириядагы жарандык согуштан эң көп зыян тарткан калаа. Куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн Хомс шаарын Сирия президенти Башар Асаддын аскердик учактары тынымсыз бомбалап турган. Коомдук мекемелер жапырт куралдуу чабуулдардын бутасына айланган. Хомс үчүн болгон уруштар бул өлкөдөгү эң кандуу кармаштардын бири болуп калды.
Сириялык фотограф Жафар Мэрэй баш кошмокчу болгон кыз-жигитке талкаланган шаарда үйлөнүү-үлпөт сүрөтүнө түшүүнү сунуштаган. Ал муну менен "өлүмдөн өмүр күчтүү экенин" көрсөткүсү келген.
Сириялык фотограф Жафар Мэрэй баш кошмокчу болгон кыз-жигитке талкаланган шаарда үйлөнүү-үлпөт сүрөтүнө түшүүнү сунуштаган. Ал муну менен "өлүмдөн өмүр күчтүү экенин" көрсөткүсү келген.