Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Ошто "Шарли Эбдого" каршы акция өттү

24-январда Ош шаарында «Мен пайгамбарымды сүйөмүн» аттуу тынчтык акциясы өттү. Эки миңдей адам француз журналы «Шарли Эбдонун» (Charlie Hebdo) 16-январдагы санына Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганын сынга алып, нааразылык билдиришти. Алар француз өкмөтүн да бул инцидентке кайдыгер карап жатат деп айыптап, бул өлкөнүн бардык товарларына бойкот жарыялоо демилгесин көтөрүштү. Акция жүрүшүндө чогулгандар “Аллаху Акбар” деп тынымсыз кыйкырып турушту.

Ушул жылдын 7-январында Париждеги белгилүү «Шарли Эбдо» журналынын кеңсесине куралчан кишилер кирип, 12 адамды атып кеткен. Бул куралдуу чабуулду эл аралык коомчулук айыптаган. Кыргыз өкмөтү да бул кандуу окуяны сындаган болчу.

16x9 Image

Эрнист Нурматов

"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG