Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
20:44 10.4.2014

Бишкектик тургундардын жоопторун бул жерден угуңуз
20:30 10.4.2014
20:27 10.4.2014
​Түз эфирдеги талкуу, 18.30-19.00, 10-апрель
20:16 10.4.2014
УОК президент менен парламенттин отставкасын талап кылат

Бишкек ШИИБинин маалыматына таянсак, Улуттук оппозициялык кыймылдын Бишкекте өткөн митингине миңге жакын адам катышты. Ал эми митингдин уюштуруучулары катышуучулардын саны 3 миңге жеткенин айтты. 4 саатка жакын созулган каршылык акциясында улуттук оппозициялык кыймыл бийлик алдына бир нече талап койду. Оппозициялык кыймылдын тең төрагасы Равшан Жээнбеков коюлган талаптарды мындайча тизмектеди:

- Биринчи талап Кумтөр келишимин кайра кароо жана Каракол башаламандыгында кармалган балдарды бошотуу. Экинчиден, Батукаевди кое бергендерди жазалоо. Эгер азыркы бийлик аларды жоопкерчиликке тарта албаса, эртеби-кечпи биз аларды өзүбүз жазалайбыз. Үчүнчү талап Атамбаев өлкөдөгү “Манас” аэропорту сыяктуу стратегиялык объектилерин Орусияга сатпасын. Кийинки талап бийликти узурпациялоону токтотуу. Акыркы талабыбыз тез аранын ичинде эл ишениминдеги өкмөттү түзүү. Бул талаптар аткарылмайынча көтөрүп чыга беребиз.

Митингге оппозицияда жүргөн Азимбек Бекназаров, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылар катышты. Бекназаров адатынча 2005-2010-жылдардагы ыңкылаптарда кийген көк көйнөгү, кара шымы, агыш түстөгү курткасы жана ак калпагы менен келди.

Митингдин жүрүшүндө оппозиция өкүлдөрү бийлик менен жолугуп, талаптарын жеткирүүгө аракет кылды. Бекназаровдун айтымында, аларды Ак үйдөн эч ким кабыл алган эмес. Ошондон улам жогорудагы талаптарга дагы эки радикалдуу талап кошулган.

- Митинг соңунда атайын резолюция кабыл алдык. Элден түшкөн сунуштардын негизинде мындан кийинки мөөнөтсүз митингдерде Атамбаевдин отставкасын жана парламенттин таркашын талап кылмай болдук.

Митинг башталарда 200гө жакын нааразылык акциянын катышуучулары милиция тарабынан кармалган. Алардын катарында митингдин демилгечилеринин бири Кубанычбек Кадыров, Саруудан келген активист Замир Меңдибаев жана Камчыбек Ташиевдин баласы Таймураз да бар. Бирок Кадыров митингге эмес, ага карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганын ШИИБдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди.

- Ташиевдин баласы түшүндүрүү иштеринен кийин дароо бошотулду. Ал эми Кубанычбек Кадыровдун кармалышы митингге эч кандай тиешеси жок. Ага карата кылмыш иши козголгондуктан арыз берген адам менен беттештирүү үчүн кармалды. Ал эми Замир Меңдибаев УКМК тарабынан издөөдө жүргөн болчу. Мындан сырткары 200гө жакын адам уруксат берилбеген жерде жөө жүрүш жасаганы үчүн кармалып, текшерүүгө алынды.



Тилек бир, бирок талап башка

Оппозициянын митингдери Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында да болуп өттү. Жер-жерлердеги митингдер улуттук оппозицияны колдогону менен талаптары ар башка болду. Оштогу 500 чамалуу митингчилер Акматбек Келдибековду бошотууну жана мурдагы калаа башчысы Мелис Мырзакматовду мэрлик ордунда калтырууну талап кылышты. Митингчилердин облус жетекчилиги менен жолугуу аракетинен майнап чыккан жок.

Ал эми Жалал-Абаддагы нааразылык акциясына 350дөй киши катышкан. Митингчилер борбордогу улуттук оппозициянын талаптарын колдогону менен Бажы биримдигине кирүү үчүн жалпы элдик референдум өткөрүү, конституциялык реформа сыяктуу талаптарды да кошуп алышкан.

Ысык-Көлдөгү нааразылык акциясы үзгүлтүккө учурады. Саруудан Караколго митинг өткөргөнү келген 20 чакты адамдын алтоосун облустук милиция кармап кеткен.

Айрым серепчилер митингге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 2 миң сомдон жалданган адамдар да катышканын айтып чыгышты. Митинг учурунда уюшуучулар тарабынан сэндвичтер жана суусундуктар таратылды. Кечке жуук акциянын катышуучулары тарап кетишти. Шаар бийлиги митингдин уюштуруучулары мэрия менен таштандыларды алып чыгуу боюнча келишим түзбөгөнүн айтып митингден калган таштандыларды ким тазалайт деген суроону кабыргасынан койду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG