Боршайком Алымбековду депутаттык мандатынан ажыратты
Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбековду мандатынан ажыратты. Бул кабарды Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” тастыктады.
Сасыкбаеванын билдиришинче, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди жумуш убактысы бүткөн кезде кабыл алган. Депутат муну азыркы бийликке чындыкты айткан адамдар жакпасы, чөнтөк парламент керектиги менен түшүндүрдү. Сасыкбаева муну менен катар Алымбеков депутаттыктан кетүү арызын фракция менен акылдашпай жазганын билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Мекен" фракциясынын жетекчи орун басары Эркинбек Алымбеков Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдогон. БШКдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, анда Алымбеков "депутат болбойм" деген чечим кабыл алганын жазган.
Кечээ парламентте Кумтөр маселеси талкууланып жатканда депутат Алымбеков эгер өкмөттү колдогон чечим кабыл алынса мандатынан баш тартаарын айтып чыккан болчу.
Кыргызстан Кумтөрдөгү экологиялык доодон баш тартат
Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент токтом кабыл алгандан кийин "Азаттыкка" билдирип, токтомду "чалажан чечим" катары баалады.
- Бул токтом сегизге чукул келишим долбоорлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бул “Центерра Голд” утту дегенди билдирет. Өкмөт үч ай мөөнөттө документтердин топтомун түзүп, 50-50% үлүш менен келишим долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке алып келсин деген тапшырма берилди. Эң маанилүү нерсе - Кыргызстан АМЕС деген чет элдик кеңешчи компаниянын сунуштарын аткарууга милдеттеме алды, ага ылайык кенди иштетүүдөн келип чыккан миллиардаган доллар экологиялык доодон баш тартабыз. Мөңгү, суу, абанын булганышы, жер кыртышынын бузулушу сыяктуу зыяндар боюнча Кыргызстан доо кое албайт.
6-февралда парламент кыргыз өкмөтү, "Кыргыз алтын" ишканасы, "Центерра Голд Инк" компаниясынын ортосундагы Кумтөр долбоорунун келишимдерин кайра түзүүнүн шарттары боюнча токтом кабыл алды. “Ата Мекен”, Республика, "Ар-намыс” фракциялары өкмөт даярдаган келишим долбооруна каршы болгону менен бейшембидеги добуш берүүдө 60 депутат "макул" жана 30 депутат "каршы" чыкты.
Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча токтомду кабыл алды http://t.co/nfpehDxEPV #freekg #Кыргызстан (97) 60 макул 35 каршы pic.twitter.com/10ePpgFZ0n
— КТРК (@KTRK_kg) February 6, 2014
Парламент Кумтөр боюнча токтом кабыл алды http://t.co/COVjb2yedj
— Azattyk Radiosu (@Azattyk_Radiosu) 6 февраля 2014