Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Батыш Москванын "кара тизмесине" нааразы


Кремль
Кремль

Кремлдин "кара тизмесине" Европанын 17 өлкөсүнүн 89 расмий жана аскер адамдары түшкөн. Мындай чара Европа киргизген санкцияларга жооп ирети кабыл алынганы айтылууда. Батыш өлкөлөрү нааразылык билдирүүдө.

Орусиянын оппозициячыл депутаты Дмитрий Гудков 31-майда тышкы иштер министри Сергей Лавровдон “кара тизмеге” кирген 89 адамдын аты-жөнүн тастыктап, себебин түшүндүрүп берүүнү сурады.

Кремлдин "кара тизмеси" буга чейин Европа киргизген санкцияларга жооп ирети кабыл алынганы айтылууда. Европа Биримдиги 151 Орусиянын жана Украинанын орусиячыл жарандарынын банк эсептерин камакка алып, биримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салган.

Орусиянын тышкы иштер мекемеси тизме Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин элчиликтерине жиберилгенин тастыктады. Министрлик тизмени ачыктоо же купуя кармоо ар бир өлкөнүн өз эрки экенин билдирет.

Азырынча маалым болгондой тизмеге президент Путиндин саясатын жана Орусиянын Украинага каршы аракеттерин ачык сындаган европалык парламентарийлер менен министрлер дагы илинген.

Санкциялар кармашы

ТАСС маалымат агенттигине атын атагысы келбеген Кремлдин өкүлү тизме “Германия башында турган бир катар Европа Биримдигинин мамлекеттеринин Орусияга карата санкцияларына жооп ирети” кабыл алынганын айткан.

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини 30-майда мындай чаралар “укуктук жактан талаш туудурган” иш экенин эскертти.

Европалык айрым өлкөлөр Москванын мындай “кара тизмесинен” буга чейин эле шек санап, бир катар саясатчылары менен расмий адамдары соңку айларда Орусияга каттабай калган.

Биримдиктин президенти Мартин Шульц бул чаралар “мындан ары өз ара ишенимди азайтарын” белгилейт.

Берлин болсо Москвадан тизме боюнча тастыктама сурап, ага кирген адамдар эмне себептен буга дуушар болгонун билүүсү керектигин эскертти. “Европанын чок ортосунда кооптуу жаңжалды басууга аракеттенип жаткан маалда бул тоскоол болот” деди Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинада жүргөн сапары маалында.

Британиянын тышкы иштер мекемеси “Эгер Орусия өзүнө каршы санкцияларды ушундай жол менен кыскартам десе, анда жаңылышат” деп билдирет.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Валлстром “Мындай аракеттер ишеним арттырбайт, анткени бул Орусия бейөкмөт уюмдарга тыюу салган сыяктуу мыйзамдарды кабыл алган маалга туш келүүдө. Бул өтө кооптуу. Түндүк өлкөлөрдүн министрлер кеңешин чет элдик тыңчы деп атаган саясаттын башталганын көрсөтөт” деп сындады.

Нидерланддардын тышкы иштер министри Берт Кундерс орус элчисин чакыртып, тизме кандай негизде түзүлгөнүн түшүндүрүүнү өтүндү.

Финляндиянын тышкы иштер министри Тимо Сойни маселени өтө эле «драмалаштыруу» маанисиз деп өз блогуна жазды.

Ал арада “кара тизмеде” экенин билген айрым европалыктар муну менен сыймыктанарын айтып чыгышты. Британиянын экс-тышкы иштер министри Малкольм Рифкинд “орустардын кара тизмесине киргениме сыймыктанам. Кирбей калсам өкүнмөкмүн” десе, анын чех кесиптеши Карл Шварценберг “сыйлуу адамдардын клубуна кошулганын” айтып чыкты.

Буга чейин Орусияга кире албай кайра тарткан Европарламенттеги немистердин депутаты Ребекка Хармс Кремлдин тизмеси Украинада адам укуктарын сактоо, демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү өнөктүгүнө катышкан европалык саясатчыларды бутага алганын белгилейт.

XS
SM
MD
LG