Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү / Коом жана турмуш

Кыргызстандан жылына бир шаар калкы көчүп кетүүдө

03.02.2010
Айданбек Акмат уулу

Жыл сайын кырк миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алып, Россияда байыр алып калууда. Бул өлкөдө жыл сайын бирден чакан шаардын калкы көчүп кетип жатканын билдирет.


Кыргыз көчү

Кыргызстанда эмгек миграциясы СССР урагандан кийин эле башталган. Алгач түштүк региондон чыккан жаштар “челнок” же базар ишине киришкен. Андан кийин Россиянын экономикасы көтөрүлүп, жумуш колдорго талап күчөгөн сайын курулуш, тейлөө тармагына кыргыз жарандары агыла баштады. Кесиби жок, мектептен алган билими начар кыргыз жаштары негизинен короо шыпырмай сыяктуу эң төмөнкү жана кир иштерди аткарууга чегерилишкен.

Орус өкмөтү өлкөнүн демографиялык абалын түзөө максатында мурунку СССР жарандарына Россия жарандыгын берүүнү жеңилдетүү, жарандык алгандарга жумуш жана социалдык камсыздоону жакшыртуу саясаты кыргыз эмгек мигранттарынын орус жарандыгын массалык түрдө алуусуна алып келе баштады.

Маселен, Россиянын миграциялык кызматынын басма сөз катчысы Елизавета Панкратованын маалыматы боюнча, 2008-жылы 43 миңге жакын кыргыз жараны орус жарандыгын алган. Ал эми 2009-жылдын он бир айында 41 миңден ашуун кыргызстандык орусиялык болуп калган.
 

Жаштар кыргызга кызмат кылчу учурунда турмуштун кыйындыгынан бөтөн жерге кетүүгө мажбур... 
Э. Эрматов


Кыргызстанда калкынын саны 40-60 миң кишини түзгөн жыйырмадан ашуун шаар бар. Демек, көчүп кеткендердин санына караганда, жыл сайын Кыргызстандагы бир чакан шаардын калкы түп орду менен Россияга көчүп кетип жатат.

Айыл жерлерде, өзгөчө түштүк региондордо жаштардын кескин азайганы көзгө даана көрүнүп турат. Мындай жараян түндүк региондордо да күчөп келатканын жарандар белгилешүүдө.

Акыркы жылдары айыл жеринде, Кадамжай районунда жашап келаткан белгилүү акын Эгемберди Эрматов жаштардын кетип жатышы боюнча мындай

пикирин билдирди:

- Биздин айылдан деле, тууган-уруктардан, кошуна айыл-апалардан деле көптөгөн адамдар Россиянын жараны болуп кетишкен. Кээ бир жерде келин-кесектери, кыз-кыркындары менен кетишкен. Биз жакта жаштар бүт эле кетип калды. Россиянын жарандыгын алып кетүүгө мажбур болуп жатышат. Себеби бул жерде жашоо таптакыр кыйын болгондуктан ошондой кадамга барып жатышат. Үй-бүлөсүн бага албай калгандан, иш таба албай калгандан эр азамат жигиттерибиз, эми кыргызга иштейм деген учурда жашоонун оңоюнан кетип жаткан жок да.

Жапырт жарандык алуунун сыры эмнеде?
 

 Россияда ишке орношууга уруксат алуу абдан кыйын. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жактары бар... 
А. Рыскулова


Миграция маселеси менен түздөн-түз иштеген министрлик бар. Аны Айгүл Рыскулова айым жетектейт. Министр айым орус жарандыгын массалык алуу себебин мындайча баяндады:

- Бүгүнкү күндө өзүңөр билесиңер, Россияда ишке уруксат алуу абдан кыйын. Квоталар кыскарып жатат. Жарандык алуунун ушуга байланышкан жерлери бар. Биздин келишим боюнча кыргыз жарандары орус жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн жол менен алат. Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.

 Айгүл Рыскулова ошондой эле орус жарандыгын таштап, кайра Кыргызстанга келип жаткандардын саны да арбын экенин кошумчалады.

Миграция жана эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан жарандыгынан чыккандардын саны 40 миңден ашуун. Бул сан Россиянын Миграция кызматынын маалыматы менен дал келип турат.

Миграция жана эмгек министринин айтымында, азыркы кезде министрлик эмгек мигранттарынын кандайдыр бир адистике ээ болуп, андан кийин чет өлкөлөргө барышы үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат. Ошол эле мезгилде Россия жарандыгын алган атуулдардын дээрлик көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар. Ал эми ал жакта кала тургандар саны 10% тегерегинде.

Талдоочулар баамында, эмгек миграциясы, орус жарандыгын алуу жараяны Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш, дурус айлык акы болгонго чейин токтобойт. Ал эми бул жагынан болсо өлкөдө байкаларлык жылыш жок. Ал эмес президенттин жергиликтүү бийлик башчыларынын иши канча жумуш ордун түзгөнүнө жараша бааланат деген саясаты да унутта калып, Ынтымак курултайын уюштуруу  сыяктуу иштер алдыга чыга баштады.

Тасмада: Чехияда иштеген алатоолук айым

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: бермет каяктан: санктпетербург
01.03.2010 23:13
Айланайын кокуй Рита ушунчалык да адам сабатсыз болобу ,Сенин жазгандарыңды окуп бир жагы зээнин кейисе ,экинчи жагы аябай эле күлкүңдү келтирет,Же кыргыз тилинде же орус тилинде жаз ,Мейли орус тилинде жазганыңа каршы эмесмин граматикалык жактан бири да туура эмес жазгансың айланайын кыргызым ушинтип зээнди кейитесиңер да ,Ал эми кошумча жарандык алуу дегенге түшүнбөсүң сен эч качан

кимден: Barsbek каяктан: Novosibirsk
07.02.2010 16:08
Согласно ст. 34 Закона 2002 г. при подаче заявления о выходе из гражданства Российской Федерации по заявлениям заинтересованных лиц на территории Российской Федерации взимается государственная пошлина, а за пределами Российской Федерации - консульский сбор, которые в случае отклонения заявления заявителю не возвращаются. Однако, как уже отмечалось в литературе, взимание денег за выход из гражданства представляется абсурдным*(362).
Tuugandar bul masele ar bir atuuldun jeke erki, birok bul jerde mamlekettin kizikchiligi bolso,anda malket miyzamdin negizinde aralasha alat.
Albette , erteli kech kyrgyzstan jan aanin jarandari bul masele menen betme-bet kelet. Aldyn ala oylonchu kez keldi.
Tilekke karshi men da sassiyal-ekonomikalik sebepterden ulam RF jarandigin alganmin.

кимден: Rtsa каяктан: Yaroslavl'
06.02.2010 03:07
Ay Gulcholuk, sen korkbochu! Kirgizstanqyk ozbekter ech avtonomiyani suap jatkani jok. Uzbekistanda jashoo abdan qiyin jana erkindik da az. Sovettin ubagynda silerde tilinerdyu jana madaniyatyrady jogotkonsinar. KRda jumush jok, jashoo qiyin, okmot baykush elden tok menen suunun kymbattatib eldy toonop jatpayby. KRda 40mingdu ayil jok bul bir rayondun eli. statistika 5 200 000 deyt byrok 3 mlnday el kaldy. Bardyk erkekter jumush izdeb ketatat bir ele ayaldar menen baldar kaldi jurtto. Azyr Jungonin Shinjan Uygur Avtonom rayoninda 180 000 han askedy turushat... anan biz Bishkekte mamlekettyk parlamentnyn uruksaty menen "Kytay tili borborun" achip jatbaybyzby!

кимден: Медер каяктан: Москва
06.02.2010 03:03
Мен да орус жарандыгын алганмын. Кыргызстанга кайтып барууга азыр ниетим жок.Кайсы жердин жарааны болсоң бол кай жерде жашоо ыңгайлуу болсо ошол жерде жашай бериш керек. Патриоттуулук паспортто эмес жүрөктө жашай турган кубулуш.

Ал эми төмөндо Рита тура жазыптыр. Кыргызстандын элчилиги орусча айтканда "бардак". Даратканасында суу жакшы иштебейт. Эшиктери жакшы жабылбайт. Кеңсеси аябай начар. Эң кызыгы ичинде отургандар көбү сабатсыздар. Сүйлөө маданиятын билишпейт.
Москвада мигранттардын эң биринчи укугу дал ушул элчиликте тепселенет...

Урматтуу Азаттык радиосу!
Ушул элчиликке келип ал зданияны тартып ал жердеги окуяларды тартып элге сунуш кылсаңыздар жакшы болмок эле...

кимден: Кыргыз каяктан: Россия
04.02.2010 21:37
Мен да алганмын Орус жарандыгын ансыз иштөө өтө кыйын,жумуш квоталарын кыскартып салган.
Жогоруда айтып кетиптир СССР убагында эт,жүн сыяктуу товарлар сатылчу деп азыр бизге ошол маалдагыдай келишимдерди эт сатуу үчүн Россия менен түзүп берсе болмок айылда малды багып жүрө бермекмин себеби өзүбүздүн базарга сатсаң ит бекер.
Жарандык алуу үчүн жеңилдик эмес этти сыртка сатууну женилдетсе болмок себеби көп жаштар кетмек эмес Россияга. Россияны азыр мен билгенден океандын ар жагынан Аргентина менен Бразилия багат малдын этин тонналап ташып

кимден: Рита каяктан: Москва
04.02.2010 19:23
"Ошол эле кезде биздин Конституцияда башка мамлекеттин жарандыгын ала турган болсо, Кыргызстандын жарандыгын сактап калат деген берене бар. Ошого жараша, алар азыр жарандык алып жатат. Ошол эле убакта Кыргызстан жарандыгынан чыккан жок.", дейт Айгул айым. Мен ушул комментарийди толук түшүнө албайм, себеби орус жарандыгын алып жатып, ошол эле мезгилде кыргыз жарандыгын сактап калат дегендин өзү, "двойное гражданство" дегенди түшүндүрөт. Бирок, эки өлкөнүн тең жарандыгын бирдей алып жүрүү, чындыгында жок, хотя бул да айтылып жүргөн кеп. Кыргыз жарандыгынан орус жарндыгына өтүп жатканда, паспорттун ичине ПМЖ (постоянное место жительства) штампы коюлат. Аны Россиядагы Кыргызстандын элчилиги, тактап айтканда ошол жердеги кызматкерлер коюп берет, тиешелүү документтерди өткөргөндөн кийин. Ал "кыргыз жарандыгынан отказ кылынды деген подтверждение жана ал документтер кайра Кыргызстанга барып, ошол боюнча башка өлкөнүн жарандыгына ээ болуп жаткан адамды Кыргызстандын каттоосунан полностью чыгарат. Ошондой болуп жаткандан кийин, двойное гражданство жөнүндө сөз кылууга болобу. Эки өлкөнүн ортосунда ушундай Келишим бар деген кеп эмнеге анда орун алган? Чындыгында ошондой болгондо, абдан жакшы болоор эле. Ушул вопрос боюнча, деги эле башка вопростор, иштер менен өзүбуздүн Посольствого кайрылганда, толковый совет же консультация алганды кой, жөнөкөй суроого жөнөкөй ответ ала албайсың. Себеби ошол жерде өзүбүздүн эле кыргыз кыз-балдарыбыз отурат, кыргыздар кыргыздарга кайрылбай эле башка жерге кайрылгандай болосун, алардын отношениесин көрүп. Деги биздин калкка бийлик жарашпайт, сразу мурун көтөрүп, надменный боло түшөбүз. Короче айтаарым, Посольствого баргандан барбай эле койгон жакшы, ал жерден эч кандай поддержка ала албайсың, кире бериште эле отурган кыздын ар кандай иштер менен кайрылган адамдарга болгон отношениеси....Это ладно, отдельный разговор, но все же касается нашего главного вопроса. Сөздүн акыры, кыргыздар өз мекенин чанып алгандары жок орус жарандыгын, башка өлкөдө эле оңой бекен, акчасы жакшы болгону менен зато ошончо машакаты, правилалары бар дегендей. Колунда орус паспорту жок болсо, жумуш да оңою менен табылбайт, табылган күндө да эмгегиң туура бааланбайт, плюс еще милиция кызматкерлери да сага чоң сүйлөйт, плюс еще үч ай сайын разрешение на работу, регистрация кылып жатып тажайсың. Мен билгим келген нерсе, кайра өзубуздүн жарандыкты алуу канчалык кыйынга тураар экен..

кимден: Azattan каяктан: Kazaxstandan
04.02.2010 18:50
Cалам Кыкендер!
Биздин пешенеге ушундай башкаруучулар туш келип канчалаган кыргыз туугандар казактарда орустарда иштеп жарандык алып өз оокаттарын кылып жатышбайбы. Биздин эл башчылар эмне болсоң ошо бол депле өздөрүнүн гана жашоолорун ойлогондой элес калтырат. Мен казактардын бир базарында иштеймин и бул жакта ОРАЛМАН деген түшүнүк бар, бул башка мамлекеттеги казактарды казакстанга тартуу кандай гана шарттарды түзүп берген алар үчүн, если алар үй бүлөсү менен на совсем көчүп келе турган болсо чоң суммада акча берип айтоор жакшы поддержка беришет, ал эми биздечи чакырып келгендин ордуна канчалаган адамдарды чачыратып жиберди айла жок турмуштун айынан иштеп жүрүшөт. Биздеги тажикстандан келген кыргыздардан сурасаң айтат го поддержка жөнле кой нормалдуу кабыл албай гражданство ала албай кыйналып жүрүшөт дурусбу или как??

кимден: Almaz
04.02.2010 18:22
Anan El emne kulsun. Muna kechee Sokuluktun zam akimi para alganda kolgo tushtu. Al emne bolot, echteke bolboit erten ele dagu bir gerge ishke oturat. Anun Bishkektegi uyun korgon bolsonor!!!!. Ushutip anan biylikke ishenbei kalup gatbaibu KAIRAN EL.

кимден: Жамалидин Парманкулов. каяктан: Бишкек. КУУнун студенти,
04.02.2010 18:06
Урматтуу кыргыз калкым сиздерди урматайм, Бирок өтө эле аша чаап кеткендигибиз жакшылыкка сыйбастыр. СССР учурунда бизден эт, жүн сыяктуу товарлар иштелип турган, ал эми бүгүн да дал ошондой болуп жатат десем урушпастырсыздар. Азыркы учурда Россиянын саясаты да башкача өңүттө болуп жатат, себеби ар тараптан келген жаштарды өзүнүн жараны кылып алып өлкөсүн өнүктүргүсү бар экени айкын. биздин эл качанкыга чейин Россиянын элин багып келет. Ойлоп жатсаңыздар керек бизди Россия багып жатат деп, жок таптакыр андай эмес тескерисинче биз багып жатабыз. Аттиң Россиянын жарандыгын алган боордошторго ичим ачышат киргиз болуп алып эми мына минтип атын таппай жатканына. Аларды келет деп ойлобоңуздар, менин чоң атам айтканы бар өңү сары көзү көктөн түңүл деп, мүмкүн эмес дечүмүн,мына ошол айткандын баары так аткарылып жатат. Россиянын жарандыгынан чыгыш үчүн 200 миң доллар керек экен, биздин айтпай эле коеюн байке келип калды ад дагы киргиз болгон.

кимден: Мирлан каяктан: Москва
04.02.2010 17:01
Урматту Акыйкат! Сиздин топучандар жонундогу коз карашынызга толук кошулам. Алар кобойуудо.Чек арага жакын райондодо кыргыздар жерин аларга сатып кетишуудо!!!! Эгер эретрээк ойлонбосок эртен ото кеч болуп калат.Чек ара маселесин жакшы билген Генерал Исаковду да 8 жылга кармашты. Бакиевди колдоп журдум эле, козун май баскан окшойт мурда эле. Азыр Кыргызстанда калктын 67 процентин кыргыздар тузот.Биз Кыргыздардын 80 процентке жетишин, айрыкча чек ара аймактарында 100 процент кыргыздардын болушун дыкат пландалган комплекстуу програманын негиинде чечуубуз керек. Кыргыз дегенде козуно жаш алган патриот инсандарды колдогонду уйронушубуз керек.
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)