Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Телтаев боюнча №1 тергөө абактын жетекчисине кылмыш иш козголду


Атайын прокуратура 23-ноябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчисинин милдетин аткаруучуга “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен кылмыш иш козгоду.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, алдын-ала тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө, өз жанын өзү кыйды делген 50-абактын мурдагы башчысы Иманкул Телтаев №1-тергөө абактын медициналык-санитардык бөлүгүнө мыйзамсыз жайгаштырылганы жана жанында күзөтчү болбогону аныкталган.

Телтаев 20-ноябрда асынып калган жеринен табылган. Ал өткөн айда 50-абактагы кандуу окуяга байланыштуу кызматтан алынып, 11-ноябрда камакка алынган болчу. (EВm)

XS
SM
MD
LG