Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Сирия боюнча "Азаттыктын" атайын иликтөөсүн студенттерге көрсөтүү сунушталды


Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Сирияга азгырылган жаштар, диний экстремизмди алдын алуу” аттуу конференцияда вице-мэр Турдалы Темирбаев ушундай сунуш киргизди.

Анын айтымында, жарандар, өзгөчө жаштар диний сабатын жоюп, түрдүү экстремисттик, радикалдык топтордун жетегинде калуудан сактануусу керек.

“Ошон үчүн "Азаттык+” жаштар программасынын “Сирия: Аял... Азап... Арман...” аталышындагы телеберүүсүн бардык окуу жайларга көрсөтүүнү сунуштайм” деди Темирбаев.

Конференцияга облустук казыяттын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, жаштарга түрдүү багыттагы баяндамаларды окушту.

Анын сонунда мамлекет тарабынан диний экстремизмге каршы иш-чаралар күчөтүлсүн деген мазмунда атайын резолюция кабыл алынды. Иш-чараны шаардык мэриянын жаштар комитети жана жаштар борбору уюштурган. (RsK)

XS
SM
MD
LG