Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Рубль кыргыз сомунан арзан болуп калды


15-декабарда орус акчасы - рубль миникыйроого учурады. Орток Европа убактысы боюнча саат кечки 5ке карай 1 доллар 63 рубль 40 копейка, 1 евро 78 рубль 81 копейка болду.

Рубль Орусиянын Борбордук банкынын аракеттине карабай күчүн жоготууда. Рублды арзандатпоо үчүн быйыл 80 млрд доллардан көп акча сарпталды. Ага карабай жыл башынан бери эле рубль АКШ долларына салыштырмалуу эки эсеге жакын арзандады. Борбордук банктын 15-декабрда маалымдашынча, жылдын аягына карай Орусиядан чыгарылып кеткен капиталдын көлөмү 134 млрд долларга жетет.

Талдоочулардын айтымында, Москванын Украинадагы аракеттеринен улам жайдан бери АКШ, Канада, Европа Биримдиги жана башка Батыш мамлекеттери Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциялар рублди мурда болуп көрбөгөндөй арзандатты.

XS
SM
MD
LG