Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

“Ата Мекен” өкмөттөгү мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт


Бул тууралуу парламенттеги “Ата Мекен" фракциясынан депутат Эркин Алымбеков айтып чыкты. Ал өкмөттөгү эки атамекенчи Кумтөр кени боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген келишим түзө албаганын билдирди. Пемьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, инвестор менен сүйлөшүүлөргө “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү - биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов катышкан. Алымбеков аталган эки өкмөт мүчөсүнүн Кумтөр боюнча айтканы алардын жеке ою экенин, фракциянын пикири эместигин айтып, Оторбаев менен Шыкмаматовдун жоопкерчилиги фракция жыйынында каралаарын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумун талкуулап жатат. Бул меморандумда жазылган сунуш боюнча эки тарап 50 пайыздан үлүшкө ээ болгон ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Буга чейин парламенттеги айрым фракциялар аталган меморандумду жактырбай койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG