Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Хорватия Евробиримдикке мүчө болушун майрамдоодо


Хорватия бүгүнтөн тарта Евробиримдикке мүчө болуп киргенин майрамдоодо. Өлкө президенти Иво Йосипович бул кадамды тарыхый окуя деп атады. Миңдеген киши өткөн түнү өлкөнүн борбору Загреб шаарынын борбордук аянтына чогулуп бирин-бири куттуктап жатты.

4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы. Бириничи болуп 2004-жылы Словения кабыл алынган. Эми Хорватиянын Евробиримдикке кирген башка өлкөлөр менен чектеш жерлеринде чек ара төлөмдөрү талап кылынбайт. Бирок азырынча Хорватия Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык союзуна кошулбайт.

Хорватия Евробиримдиктин 28-мүчөсү болуп калды. (RK/AU)

XS
SM
MD
LG