Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

У.Дэниэлс: Мени адамдын тагдыры кызыктырат


Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү менен дарыланбаган пашаканада отурат, William Daniels/Panos Picture
Уганда - Безгекке чалдыккан киши оорулуу бөбөгү менен дарыланбаган пашаканада отурат, William Daniels/Panos Picture

Бүгүн Дүйнөдө безгекке каршы күрөштүн күнү. “Азаттык” илдеттин кесепетин көптөн бери чагылдырып келаткан француз фотожурналисти Уиллиам Дэниэлс менен сүйлөштү.

Бирмадагы Карен этникалык тобуна караштуу адамдар оорулуу балдарын Тайланддагы клиниканага жеткириш үчүн чек арадагы Моей дарыясын мыйзамсыз кесип өтүшүүдө, William Daniels/Panos Picture
Бул күн безгекке каршы күрөштүн дүйнөлүк күнү катары төрт жыл мурда алгач белгилене баштаган. Ошондо ар бир 30 секунд сайын дүйнөдө бирден жаш бала безгектен набыт болуп жатканы айтылган эле. Жылына миллион адам ушул илдеттен көз жумчу.

Бүгүн, адистердин айтымында, өлүмдүн санын кыскартууга жетишилди, жылына андан 790 000 адам көз жумат. Безгекке каршы күрөштө журналисттердин, алардын ичинде фотожурналисттердин иши да өзгөчө маанилүү.

Уиллиям Дэниэлс – франциялык фотожурналист. Бир топ жылдардан бери Дүйнөдө бейзек, кургак учук жана СПИД оорууларына каршы күрөштүн кандай жүрүп жатканын чагылдырып жүрөт. Быйыл 11-15-апрель күндөрү Брюсселде анын сүрөттөрүнүн негизинде көргөзмө өттү. Кабарчыбыз алгач журналисттин Африкага сапары тууралуу сураган эле.

Буркина Фасодогу четки айылдардын биринде сөзсүз дарыланган гана пашаканаларды колдонуу канчалык маанилүү экенин театралдаштырылган оюндан көрсөтүп жатышат, William Daniels/Panos Picture
Уиллиам Дэниэлс:
Мен безгек оорусун чагылдырыш үчүн бир эле Африкага эмес, түштүк-чыгыш Азиядагы бир топ өлкөлөрдө да болдум. Сьерра-Леондо, Танзанияда, Индияда, Тайландда жана башка мамлекеттерде безгекке каршы күрөш кандай жүрүп жатканын тарттым. Маселен, чиркейден коргой турган пашаканаларды элге таркатууну, ага чалдыккан адамдардын портреттерин жасадым. Көбүнчө жаш балдар менен кош бойлуу аялдар эле.

Төрөкул Дооров: Сизди безгекти чагылдыруу учурунда өзгөчө эмне таң калтырды?

Сьерра-Леонеде безгектен катуу жабыркаган жаш бала "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун ооруканасында жатат, William Daniels/Panos Picture
Уиллиам Дэниэлс:
Мени өзгөчө таң калтырганы безгектен, чиркейдин чакканынан, өлгөндөрдүн санынын көптүгү болду. Өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү Африкада, ал эми анын өзүндө безгектин негизги курмандыгы - жаш балдар. Ошол эле учурда безгектин алдын алуу да оңой экени таң калтырат. Андай болсо эмне үчүн адам көп өлөт деп сурашыңыз мүмкүн. Буга ал жактагы жакырчылык себеп.

Малярияга чалдыккан адамдар ооруу өтө опурталдуу экенин түшүнө беришпейт. Алар жөн гана башы ооруп жатса керек деп ойлошот. Убагында догдурга көрүнүшпөйт. Анын үстүнө көпчүлүк айыл-кыштактарда ооруканалар жок. Дарыланганы келгенде, өтө кеч болуп калган болот. Адамдарда бул илдет тууралуу маалымат да аз. Ошондуктан өлүмгө негизги эле себеп жакырчылык болуп жатат деп айта алам.

Наментенга регионунда катуу жаан-чачындын сезону маляриянын күч алаары менен коштолот. Жаан-чачын күчөгөндө безгектин деңгээли үч эсеге өсөт - William Daniels/Panos Picture
Төрөкул Дооров:
Дүйнөлүк коомчулук азыр безгекке каршы күрөштүн алдын ала жыйынтыгын чыгарып жаткан учур. 2015-жылга карата безгектен бир да адам өлбөшү керек, ошого жетишишибиз керек деп жатышат. Сиз илдеттин канчалык кеңири жайылганын да, ага каршы күрөштүн жүрүшүн да көрдүңүз. Бул максатка төрт жылда жетишүүгө болот деп ишенесизби?

Уиллиам Дэниэлс: Безгекти такыр эле жоготууга азыркы күрөш канчалык жетиштүү экенин айта албайм. Анткени андан жабыркаган аймактын алкагы кең, күрөш да оңой болбойт. Азыр дүйнөдө саламаттыкты сактоо боюнча иштеген ири уюмдар да, жергиликтүү майда бейөкмөт уюмдар да ушул багытта иш жүргүзүшүүдө. Алардын баарынын аракетин көрүп, ичиң жылый түшөт.

Бирок ооруунун деңгээли ушунчалык жогору экенин эске алганда, алар безгектин айланасында дагы канчалаган маселелердин үстүнөн иштеши керектигине көзүң жетет. Безгекке каршы күрөш эң оболу жакырчылыкты жоюудан башталышы абзел.

Индиянын Калькутта шаарында 35 жаштагы Каял Йананын үй-бүлөсүндөгү алты киши баары ушул дарыланбаган пашаканада күн кечиришет - William Daniels/Panos Picture
Аймактагы калктын билим деңгээлин жогорулатуу керек, жаш балдарды мектепке бериш лаазым. Мен айрым жерлерде ар бир үчүнчү бала гана мектепке барып жатканын көрдүм. Алар мектепке барышпаса, маляриянын зыяны тууралуу кайдан билишмек? Ошондуктан 2015-жылга карата дүйнөдө безгектен бир да адам өлбөшүнө жетишүү, менимче, өтө оор болот.

Төрөкул Дооров: Уиллиям, сиз фотосүрөтчү катары көбүнчө гуманитардык оор абалда жашап жаткан региондордо болуп, социалдык проблемалар жөнүндө тартыпсыз. Бир нече ирет Кыргызстанда да саясий ири окуяларды, эки ыңкылапты, андан сырткары кургак учук тууралуу, Миң-Куштагы экологиялык оор ахыбал жөнүндө тарттыңыз. Катуу зилзаладан жабыркап, гуманитардык кризиске кептелген Гаитидеги кырдаал тууралуу баяндарды жасадыңыз. Тигил же бул темада иштөөнү кантип тандап аласыз?

Тайланддын түндүгүндөгү Карен айылын чиркейлерден тазалап жатышат, William Daniels/Panos Picture
Уиллиам Дэниэлс:
Сүрөтчү катары мени тигил же бул проблеманы чагылдырууда адамдардын жеке баяны кызыктырат. Мен алгач сүрөтчү катары ишимди баштагандан тарта эле сүрөттүн күчү жеке адамдын тагдырын баяндоо аркылуу глобалдык көптөгөн проблемаларды чечкенге жардам болот деп ишенгем.

Ошондуктан дүйнөдөгү эң оор, көпчүлүк эл жабыркап жаткан илдеттерди тарта баштадым. Алгач безгек, кургак учук жана СПИД тууралуу көп тарттым. Ага байланышкан жакырчылык, коомдун өнүгүшү, саясий ири өзгөрүүлөр өңдүү темалардын үстүндө да иштеп жатам. Ушул күндөрү граждандык согушту баштан кечирип жаткан Ливиядан келгениме эки апта болду. Дал ушул фотосүрөттөр аркылуу бир аз болсо да өзгөрүүгө кадам таштай алабыз деп ишенем.

Сүрөтчүнүн эмгектерин анын өзүнүн интернет баракчасынан көрө аласыз: http://www.williamdaniels.net
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG