Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Тажиматов: Мамлекет менен дин ортосунда ишеним аз


Диндин радикалдашуусу менен мамлекет кантип күрөшкөнү туура? "Азаттыктын" суроолоруна саясат таануучу Санжар Тажиматов жооп берди.

- Кыргызстанда мамлекет менен диндин өз алдынча коомдук институттар катары мамилесине кандай мүнөздөмө берсе болот?

- Бул жерде эки жагдайды эске алыш керек. Биринчиси – советтик мезгилден калган мурастын сакталып келатканы. Совет доорунда дин мамлекет тарабынан чектелип каралган. Себеби ал коммунисттик идеологияга атаандаш катары саналгандыктан чектөөлөр болгон. Ошондуктан Советтер Союзу светтик мамлекет болуп эсептелбейт. Ошол мурастар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, президенттик аппаратта, ИИМде, УКМКда дин боюнча өзүнчө бөлүмдөрдүн болушун советтик мезгилден калган көрүнүш катары карасак болот. Башкача айтканда, динге мамлекет ишенбөөчүлүк мамиле жасап жатат.

Экинчиси – ошол бөлүмдөрдө иштеген адамдар. Алар дин жөнүндө талаш-тартыш маселелерди курчутуу менен маалымат берип жаткан себеби – жумуш ордун сактап калуу амалы. Биз Конституция боюнча светтик болгондон кийин мамлекет менен дин ортосундагы мамиле нейтралдуу болушу керек. Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ошол берене азырынча иштей элек.

- Айрым серепчилер соңку мезгилде көп адамдар, айрыкча жаштар радикалдуу багыттагы диний агымдарга аралашып кеткенин айтууда. Жакында ошондой делген жарандардын бири соттолду. Радикалдашууга жол бербеш үчүн кандай ыкма туура? Күчкө салыппы же башкача жолбу?

- Мамлекет менен диндин ортосунда кызматташуу мамилеси болушу зарыл жана мамлекет диний билим алууга кандайдыр бир шарт түзүп бериши керек. Радикалдашкан, экстремисттик көз караштардан диний билим берүү жолу менен гана арыла алабыз. Ал эми күч колдонуу, тыюу салуу менен биз эч качан бул маселени чече албайбыз. Мисалы, Египетти карагыла. Президент Мурси бийликке “Мусулман агайындар” кыймылынын негизинде келген. Дин саясатка аралашканы диндин аброюн жок кылат. Ал эми Кыргызстанда светтик да, диний да жактан билимдүү интеллектуалдар бар. Бирок саясий чөйрөдө андайлар өтө аз болууда.

- Мамлекет диний билим алууга кандай шарт түзүп берүүсү керек?

- Дин негиздери мектеп программасына кирсе туура болот. Бир динден экинчи динге өтүү маалыматтын аздыгынан болуп жатат. Экстремизм, радикалдашуунун себеби да дин жөнүндө билимдин аздыгында. Жогорку окуу жайларда бул багытта айрым предметтер бар. Бирок аларды бүгүнкү күндүн көз карашы менен жеткирген окутуучулар аз болуп жатат.

Динди мурдагы советтик мезгилдегидей коркунучтуу бир нерсе катары караган көз караштар көп болууда. Мамлекет менен дин ортосундагы ишенимди күчөтүш керек. Баш мыйзамдагы светтик деп жазылган биринчи берене иштесе көп маселе чечилмек. Бүгүнкү күндө ал берене тиешелүү деңгээлде иштей элек деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG