Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Бүлүнгөн мектеп бүтөлдү


Мектептин окуучулары ачылуу аземде, 1-сентябрь.
Мектептин окуучулары ачылуу аземде, 1-сентябрь.

Былтыркы июнь коогасында өрттөнүп кеткен Кара-Суунун Шарк айылындагы мектептин ордуна курулган жаңы мектеп билим күнү эшигин ачты.

Бир жылдан бери чатырда окуп келген окуучулар жаңы окуу жылын 2 кабаттуу жаңы мектепте тосуп жаткандарына сүйүнүп турушат. Башка жактарга кетип калган шарктык жүздөгөн балдар да кайтып келишүүдө.


Жаңы мектепке - жаңы ысым


Жаңы окуу жылында жаңы мектепке ээ болуп аткан шарктыктар мына сага деп мектептин атын дагы жаңылап жиберишти. Орус жазуучусунун ысмын алып жүргөн Лев Толстой мектеби эми согуш ардагери, билим берүүдө бир топ жылдан бери иштеген маркум Тойчу Алтыбаевдин ысмында аталмакчы.

Мектептин ачылыш аземине Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков да катышып, балдарды жана ата-энелерди эски окуяларды эстебөөгө чакырды:

Мектептин ачылуу аземи, 1-сентябрь.
- Кыргыз мамлекети 20 жылда көп нерселерди өткөрдү. Жакшы саамалыктар да, жаман окуялар да болду. Айрыкча өткөн жылкы Ош коогалаңында өлкөбүз аябай жабыр тартты. Кантсе да талкаланып калган имараттарды, үйлөрдү жана мектептерди кайра куруп, калыбына келтирсе болот экен. Бирок каза болуп калган адамдарды тирилте албайт экенбиз. Окуядан сабак алып, бирок анда болгон жаман окуяларды толук унуталы.

Мурдагы Толстой, азыркы Тойчу Алтыбаев атындагы бул мектеп былтыр жайдагы кандуу окуяларда өрттөнүп кеткен. «Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы» тарабынан 36 млн. 600 миң сом жумшалып, 2 кабаттуу типтүү мектеп салынды. Эл аралык ЮНИСЕФ уюму болсо окуу эмеректери жана балдарды калем-дептерлер менен камсыз кылды.

Мектеп директорунун орун басары Алтынай Бадалованын айтымында, окуучулардын кубанычында чек жок:

- Жаңы мектептин ачылышы менен окуучуларыбыз көп келишти. Баардыгы сүйүнүп атышат. Ата-энелердин ыраазычылыгында чек жок. Балдарыбыз жакшынакай, ыңгайлуу жерде окуйт деп кубанып турушат.


Балдар жаңы окуу жылын чатырда тоспогонуна курсант

Мектеп 420 орунга ылайыкташтырылган. Бирок эми өткөн жылкы коогалаңдан кийин башка жакка кеткен окуучулар кайтып келип аз-маз ыңгайсыздык пайда болушу мүмкүн.


Кара-Суунун Шарк айлынын тургуну Мавлюда Нооманованы угалы:

Жаңы мектеп.
- Мектеп күйүп кеткенден кийин окуучулардын тең жарымы башка мектептерге кетип калган болчу. Жаңы мектеп 400 окуучуга гана ылайыкташканы менен, азыр окуучулар 800гө жетип кетти. Ата-энелердин баары балдарын алып келип атышат да. Ошого байланыштуу окуучулар эми 3 нөөмөттө окууга туура келүүдө. Балдар батпай калышы да мүмкүн.

Ал эми 9-класстын окуучусу Ислам Ибрагимов жаңы окуу жылын чатырда эмес, мектепте тосуп атканына эле кубанып турат:

- Бир жылдан бери чатырда окуп келдик. Ал жерде шарт жакшы эмес болчу. Жаңы мектепке балдардын баары кызыгып атышат. Сабакка келбегендер да келишти. Биздин класста былтыр 20 эле окуучу болсок, азыр 40 окуучу болуп кетиппиз.

Жаңы мектептин окуучулары.
Бирок быйылкы окуу жылы балдар китеп жагынан кыйналып турууга аргасыз. Анткени 20 миңге жакын китеп мурдагы мектеп менен кошо өрттөнүп кеткен. Башка мектептерден, уюмдардан суранып атышып шарктыктар азыр болгону 5000 китеп чогултушту.

Маалым болгондой, өткөн жылкы кандуу окуяларда Ошто 2 мектеп өрттөнүп кеткен болчу. Бул мектептен башка, шаарда жайгашкан Хамза мектебинин окуучулары болсо жакын жайгашкан башка мектептерде окуп башташты.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG