Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жусубалиев: Тазаланууга күчүбүз жетет


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев милиция кызматкерлери арасында коррупцияны тыюу тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өткөн ишембиде оперативдик жыйында коррупцияга байланыштуу милицияда жооптуу кызматта иштеген айрым адамдар жоопко тартылат деп билдирди. Сиз башкарган аймактагы милиция кызматкерлеринин арасында коррупцияга каршы кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?

Бактыбек Жусубалиев: Коррупцияга каршы өлкө боюнча күрөш жүрүп жатканы баарыңыздарга белгилүү. Президент Алмазбек Атамбаев дагы катуу талап коюп жатканын баарыбыз билебиз. Чүй облустук ички иштер башкармалыгында да бул багытта иштерди жүргүзүп жатабыз. Биз азыр ар бир кызматкерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пара алууга каршы, коррупция боюнча кылмыштарга катышууну болтурбоо боюнча аракет көрүп жатабыз.

Бизде эми ар кандай кызмат бар эмеспи. Мисалы тергөө кызматы, оперативдик кызматкерлер бар, участкалык инспекторлор, жаш өспүрүмдөр менен иштөө, МАИ кызматкерлери, кайгуул-күзөт кызматы бар. Биздин жетекчилик, жооптуу кызматкерлер ар бир бөлүмдө болуп, ар бир кызматкер менен иш жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыккан.

“Азаттык”: Сиз жогоруда атап өткөн кызматтардын кайсынысында коррупция элементтери көбүрөөк?

Бактыбек Жусубалиев: Коррупцияга каршы күрөштү биз кеңири алып карашыбыз керек. Кеңири маанисинде коррупция деген биринчи бийлик менен криминалдын аралашып кеткенине байланыштуу башталат да. Өз ара макулдашууларынын негизинде. Мындай нерсеге негизи майда кызматкерлер аралаша албайт.

Бизде кызматтык кылмыштар болуп калышы мүмкүн. Мисалы МАИ кызматкери жолдо айдоочулардан пара алышы мүмкүн. Ушундай нерселер бар. Ушундай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн биз катуу чараларды көрүп жатабыз. Сиз жогоруда айтып кеткен акыркы кеңешмеде министр Зарылбек Рысалиев бул багытта абдан катуу талаптарды койду. Кандай иштер жүрүп жатканы боюнча министрге биз дайыма билдирип турабыз. Бул багытта натыйжалуу иштер жүрөт.

“Азаттык”: Буга чейин Жогорку Кеңеште Ички иштер министрлигине деп каралган акчанын жарымы гана берилет деп айтылды эле. Мисалы кылмышкерлерди издеген оперативдик кызматкерлердин унаасынын майына деген акча берилбейт экен. Ушундай шартта коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?

Бактыбек Жусабалиев: Күрөшүү мүмкүн. Анткени биз тазаланыш үчүн, ишибизди алдыга жылдырыш үчүн сөзсүз күрөш жүргүзүшүбүз керек.

Бизге акчанын толук бөлүнбөй калып жатканы чындык. Мисалы бизге деп каралган жүз пайыз акчанын болжол менен 35 пайызы гана берилип жатат. Бул биздин ишибизге абдан кедергисин тийгизет.

Милиция кызматкерлеринин эл арасында кадыр-баркынын түшүшүнө да ушул биздин толук каржыланбай жатканыбыздын таасири бар. Эгерде ошол эле бензин жок болсо окуя болгон жерге биздин ыкчам топтор өз убагында жете албай калат, же болбосо күткөн жыйынтыктар болбой калат. Мисалы кээ бир кызматкерлер май куюш үчүн, ошого акча табыш үчүн мыйзамды бузууга барышы мүмкүн. Бирок биз муну болтурбоого аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Сиздердин башкармалыкта коррупцияга байланыштуу канча кызматкер жоопко тартылды. Ушундай фактылар барбы?

Бактыбек Жусубалиев: Быйылкы жылы андай боло элек. Бирок бул багытта катуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Эгерде ушундай окуя болсо аны биз эч качан жаап-жашырып койбойбуз, ачыкка чыгарабыз.
XS
SM
MD
LG