Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Арстанбектин өзөктөгү обондору


Жалалабаддык өнөрпоз Арстанбек Садыр уулу ыр да жазып, бир кыйла обон-күүлөрдү да жараткан. Кезегинде "Жазуучулар" бирлигинин Жалал-Абад фестивалынын лауреаты да болгон. Бирок элеттик акындын ушул маалга дейре бир да китеби жарык көрө элек.

Арстанбек Садыр уулу койчунун үй-бүлөсүндө өскөн. Жайында ата-энеси менен бирге Сузактын Ообек, Арка-Ообек, Көк-Зоо жайлоолорунан Тогуз-Торонун Саймалуу-Ташына дейре аралап, табият керемети денесине ширелгенби, айтор "Жайлоого бараткан жол" деген поэмасын жаратыптыр.
"Өзөк" күүсү



- Чыгармачылыгым алгач поэтикалык чакан чыгармаларды жазуудан башталган. Алгач жолду баяндап жазам деп аракеттенгем. Ат менен жайлоодо сапарда жүргөн учурларды жаздым эле. Өзүм аябай кыялкеч бала болчум, тоо-таштарга, салыштырууларга таасирленчүмүн.

Жатак-мектепте окуган чагында мектептин дубал гезити анын ырларысыз жарык көрчү эмес. Акындыкка боз улан маалында кыздарга ыр менен жазган каттары да тамызгы болуптур.

Жалал-Абаддагы маданият техникумунан билим алуусу анын талантын курчутат. Бирок кыйла жыл мурда жаралганы менен "Өзөк" аттуу күүсүн көпчүлүк али уга элек. Бул күүнүн жаралышына кайсы бир жаңы жылдардын биринде жигиттин күтүүсүз окуядан ыза тартканы себеп болуптур:

"Өтө бир кейигенден улам чыгарган күү-обон эле. Өзөгүм кичине өрттөнүп, ызаланып жаштык күндөргө..."

Арстанбектин жараткан обондору да бир топ. Анан да төкмө акындык да жайы бар. Бир канча ирет бул облустук Барпы театрында өткөн төкмө акындардын сынагында ырдап жүргөнүн да көргөнбүз. Комузда кол ойното мыкты күүлөрдү чертүү менен аккордеондо да ойной билет.

- Мындан башка он-он бештен ашык обондуу ырларым бар, аты угулуп, ырдалып жүргөн ырларым да бар. Бирин-экин аткаруучулар ырдап жүрүштү эле, азыркыга чейин кээде ырдап жүрөм. 2000-жылдардан бери Элмирбек менен эки жолу айтыштым, республикалык кароолорго катыштым, Жеңишбек, Жылдызбек, Сапарбек деген акындар менен айтышып калам. Ырларымды топтоп көрө элекмин, ар жерде чачылып кала берүүдө. Эгер жыйнасам бир китептик бар эле. Такыр эле чыгынбай атам.

Бирок обондорунун аткаруучулары жумуш издеп, Орусияга кетип калгандыктан ырларын башкалардын аткаруусуна ыраа көрбөйт. Ошондуктан акын Маркабай Ааматовдун "Бакытка чакыруу" аттуу ырына обон чыгарып, аны комуздун коштоосунда өзү той-тамашаларда, топ адамдардын арасында созолонтуп жүрөт.



Быйыл эгемендиктин 20 жылдыгына карата "Көтөр тууңду, желбирет!" аттуу патриоттук маңызда ыр жазды:



Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн Арстанбек Садыр уулу облустагы теле ишканада иштейт. Анан гезитке өтөт. Бирок ал чыгармаларын өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга чыгынбай келе жатканын айтууда. Деген менен республиканын Жазуучулар кеңеши 2000-жылы Жалал-Абадда өткөргөн жаштардын фестивалында ыр майрамынын сыйлыгын утуп алган экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG