Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Аткаминерлерди тыңшоо сунушталууда


Мындай сунушту өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов алып чыкты.
Мындай сунушту өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов алып чыкты.

Жогорку кызматтардагы мамлекеттик жетекчилердин телефон сүйлөшүүлөрү атайын санкциясыз эле тыңшоого алынышы мүмкүн.

Буга байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов мындай чаралар аркылуу аткаминерлер арасындагы жемсөөлүктү ооздуктоо сунушу менен чыкты. Бирок муну эксперттердин кээ бирөөлөрү колдоп чыгышса, айрымдары адам укугун одоно буза турган жана саясий оюндардын күчөшүнө түрткү бере турган жагдай катары сындап чыгышты.

Жемсөөлүктү “желкелөөчү” чаралар

Өкмөт башчы Бабанов Оштогу иш сапарынын алкагында жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда аткаминерлер арасындагы жемсөөлүктү ооздуктоонун чарасы катары мына ушундай демилге менен чыкты. Бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан иштелип чыгып, жакында парламенттин кароосуна жөнөтүлө тургандыгы маалым болду.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын жетекчиси Канатбек Исаев андай чараларды көрүүгө турмуштук зарылдык бар экенине токтолду:

- Мамлекеттик жооптуу кызматка барып жаткан адам ачык-айкын болуш керек. Алардын арасындагы жемсөөлүктү ашкерелөө үчүн мына ушундай чара натыйжа бериши мүмкүн. Ар бир өзүн таза деп эсептеген аткаминер телефон байланыштарын тыңшоого өз ыктыяры менен макулдугун берет болуш керек. Анткени жашыра турган эч нерсеси жок жетекчи гана таза иштейт. “Жок, телефонумду бирөөлөр тыңшаганына каршымын” дешсе анда андай адамдар мамлекеттик кызматка барбай эле коюшканы оң.

Коңулдагылардын жүзү ачылабы?

Ошондой эле аткаминерлердин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоо коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлдөө үчүн да мааниси чоң экендиги белгиленди. Анткени так талашка байланышкан окуяларды уюштурууга жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жетекчилердин катышы болгон учурлар байкалган. Айрыкча алардын чет элдик атайын кызматтар, же башка бир көмүскө күчтөр менен байланышкан учурлары далилденбей калгандыгы коомчулукта айтылып жүрөт.

Коопсуздук иштери боюнча эксперт Талант Раззаков көмүскөдө туруп башаламандыктарды уюштурууга өбөлгө түзгөндөр боюнча бир канча мисалдар бар экендигин белгиледи:

- Мына акыркы сегиз жылдан бери өлкөбүздө тынчтык болбой, ар кандай башаламандыктар чыгып кетип жатпайбы. Буга 2005 – 2010-жылдардагы окуяларды айтсак болот. Анын түбүн караганда окуяны атайын уюштурган жана аны ишке ашырууга өбөлгө түзгөн ири мамлекеттик аткаминерлер же укук коргоо органдарынын жетекчилери болгон. Алар көпчүлүк учурларда көмүскөдө калып кеткен учурлар көп. Эгерде бул мыйзам иштей турган болсо коңулда отуруп мына ошондой окуялардын чыгышына жана чагымчылдыктын орун алышына түрткү болгондорду аныктап, алардын мамлекеттик чыккынчылыкка барабар кылмыштарын ашкерелегенге мүмкүнчүлүк болмок.

Адам укугуна көрсөтүлгөн айбат

Анткен менен жогорку деңгээлдеги мамлекеттик аткаминерлердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо демилгесин адамдын жеке турмушунун купуялуулугуна кол сала турган жагдай катары айрым укук коргоочулар айыптап чыкты.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо өз ара ишенимге шек келтирип, саясий оюндардын күчөшүнө алып келиши ыктымал деп кооптонот:

- Мына ошол эле жетекчилердин адам катары купуя сыры, жеке турмушу бар. Биз анын мына ошондой аялуу жагын ачканга укугубуз жок. Эгерде аларга ишенбей телефондорун тыңшатышса эмнеге аларды ошол кызматтарга дайындап жатышат? Деги эле булар кимден эмнени шекшинип жатышат? Бул жаман өнөкөт. Эгерде бирин-бири тыңшап, кандайдыр бир өздүк маалыматтарын бири-бирине каршы колдонуп, аткаминерлер арасында ишенбөөчүлүктүн атмосферасы түзүлүп калгандай кырдаал эмнеге алып келээрин мына ушуну көтөрүп жаткандар ойлоду бекен?

Адатта кылмышка шектүү адамдардын телефондук байланышы атайын органдардын санкциясынын негизинде тыңшоого алынат. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн биринде дагы мамлекеттик жетекчилердин сүйлөшүүлөрүн тыңшоого жол берилген эмес. Мындай тажрыйба коррупциянын деңгээли жогорку чекке жеткен Түштүк Чыгыш Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп келет. Индонезия жана Филлипин мамлекеттеринде ири аткаминерлердин телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоонун эсебинен жемсөөлүктүн деңгээли бир кыйла кыскарган учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG