Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Жуматаева: Чек ара жаңжалдары азайган жок


Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр, Баткен, Жака-Өрүк. 8-май, 2014-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр, Баткен, Жака-Өрүк. 8-май, 2014-жыл.

Чек арадагы жаңжалдарды кантип жөнгө салса болот? "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Асел Жуматаева "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Чек ара тактала элек аймактарда жашаган кыргызстандыктардын укугу мамлекет тарабынан канчалык корголууда?

Асел Жуматаева: Өзгөчө акыркы жылдары чек араларда бир катар талаш, жаңжалдар орун алды. Бийлик, журналисттер чоңураак жаңжалдарга гана көңүл бурат. Көңүл бурулбай калган чакан жаңжалдар Кыргызстандын четки аймактарында, талаштуу жерлерде, аныкталбаган чек араларда көп эле болуп жатат.

Бир жума мурда эле Ала-Буканын Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн жашоочусу малын издеп, кошуна өлкөнүн чек арасын кесип өтүп, өзбек тарап "чек араны мыйзамсыз бузуп кирген" деп атып салып, сөөгүн туугандарына алып чыгып беришкен.

Асел Жуматаева
Асел Жуматаева

Ошондой эле Аксы жана башка аймактарда чек арадан өтүп кеткен малын издеп барып, кайтара албай, туугандарына барып, кайта албай, же Өзбекстанда жашап, Кыргызстанга "Кайрылман" программасы менен келип, Өзбекстандан тиричилик буюмдарын алдыра албай калган учурлар көп болуп жатат.

Мисалы, Өзбекстанда анклав болуп калган Барак деген жерибизде 400гө жакын үй-бүлөнүн жарымы Кыргызстандын аймагына көчүп кетип, бирок Баракта калган мүлкүн алып чыга албай жатышат. Чек ара аймактарында адам укугу бузулуп жаткан учурлар абдан эле көп.

"Азаттык": Талаш аймактарда жашагандардын укугун коргоо боюнча эл аралык тажрыйбада кандайдырбир өзгөчө ыкмалар барбы?

Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Асел Жуматаева: Албетте бар. Эки тараптын сүйлөшүүлөрү маалында кабыл алынган чечимдер, макулдашуулар так аткарылышы керек. Бизде көбүнчө чек ара аймактарында талаштуу жерлерде чек арачылардын саны жетишпейт, мүмкүнчүлүктөрү азыраак. Ал эми Өзбекстандын чек арачыларынын саны биздикине салыштырмалуу көбүрөөк жана күчөтүлгөн режимде кайтарышат. Ошон үчун коңшулар үстөмдүк кылып келатканы жашыруун эмес.

Чек ара маселеси боюнча кыргыз бийлиги позициясын бекем кармабайт, болгон рычагдарды туура пайдалана албай келүүдө. Соңку учурларда болуп жаткан окуялардан кийин ушундай пикирлер пайда болуп жатат.

"Азаттык": Эки тараптуу келишимдерде кайсы бир окуя боюнча эч болбогондо тергөөгө катышуу жагын жөнгө салган документтер барбы?

Асел Жуматаева: Массалык маалымат каражаттарында "сүйлөшүүлөр өтүп жатат, жолугушуулар болду" дейт. Бирок ошол жолугушууда канча метр же километрдин тагдыры чечилди, кайсы баскычтан кайсы баскычка жеттик – ушулар чечилбей калууда. Менимче ордубуздан эле жылбай турабыз.

Кыргызстандын тарыхын, картаны жакшы билген, артка бир кадам, алдыга эки кадам таштаган күчтүү адистер керек. Менимче акыркы учурларда сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай жатат. Мына, Тажикстан менен чек арада жаңжал чыгат, сүйлөшүүлөр жанданат, бирок эртеси күнү ошол жерде кайра эле ок атышуу, же чатак болот.

Жогорку даражадагы сүйлөшүүлөр жүргөндөн кийин алар аткарылып, чечимдер элге жеткирилиши керек. Эки тарап тең эрежелерди сакташ керек. Бизде андай болбой жатат. Мисалы, жол куралы деп макулдашат. Эртеси анын айынан дагы бир жаңжал чыгат.

XS
SM
MD
LG