Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Таэквондо WTF бирикмесиндеги чыр


Таэквондо WTF олимпиадалык спорттун түрүнө кирет.
Таэквондо WTF олимпиадалык спорттун түрүнө кирет.

Кыргызстандагы Таэквондо WTF ассоциациясынын кээ бир өкүлдөрү уюмдун президенти Алексей Пак коррупцияга жол берүүдө деп айтып чыгышты.

Таэквондо WTF ассоциациясынын мурдагы вице-президенти, жогорку категориядагы машыктыруучу Акромуслав Ким жетекчиликтин жүргүзгөн саясатына каршы пикирин билдиргени үчүн куугунтукка кабылганын айтууда.
- Ассоциация жетекчилиги бир улуттун өкүлдөрүнөн түзүлбөш керек, биз көп улуттуу мамлекетте жашайбыз деп, айтып чыксам мени угушкан жок. Спортчулар эл аралык мелдештерге жетишкен көрсөткүчүнө жараша барбай, акыркы орунду алса да акчалуулар барып калды. Бул көрүнүштөргө карата каршы пикиримди айтсам УКМК, милиция кызматкерлери аркылуу спорттон кетүүмдү талап кылып, коркутууга өтүштү. Макул болбосом баңгизат, курал жарактарды таштап, кылмыш жообуна тартууга барарын айтышты. Кийин 120 баланы машыктырган машыгуу жайынан чыгарып коюшту. Ал залдан чыгып башка машыгуу жайын таап, балдарды машыктыра баштасам, ал жакка да келишип, ур-токмокко алууга аракеттеништи. Бирок шакирттерим ага жол берген жок. Эгер биздин мамлекет мыйзамдуулук орногон, демократиялуу өлкө болсо, мындай терс көрүнүштөргө жол берилбеши керек.

Таэквондо WTF олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Азия чемпиондугунун байге ээси Расул Абдураим эки олимпиада оюндарына катышкан. Эки мелдеште тең биринчи беттешинде эле атаандашына утулуп, байге алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууган. Ал ийгиликсиз күч сынашуусуна Таэквондо ассоциациясынын жетекчилигинин түздөн-түз тиешеси бар дейт. Анын айтымында, жетекчилик дайындаган улуттук кураманын башкы машыктыруучусу, Түштүк Кореянын жараны Ли Син Гю спорчтунун машыгуусун көзөмөлгө алган эмес.

- Эки жолу олимпиада оюндарына катышып, биринчи беттештерде эле утулдум. Лицензиялык мелдештерге катышып, кыйынчылык менен олимпиада жолдомосуна ээ болгом. Тилекке каршы даярдык машыгуулар талаптагыдай болгон жок. Түштүк Кореяга окуу машыгуусуна барганда, башкы машыктыруучу Ли Син Гю тили, маданияты бөтөн өлкөдө жалгыз калтырып, менин даярдыгыма көңүл бурбай койду. Акча каражат жагынан ассоциация жетекчилиги да тиешелүү деңгээлде каралашкан жок. Эптеп машыгып, таймаштарга чыктым. Анын натыйжасында күчтүү атаандаштарга туруштук бере албадым. Мен бул спорт менен машыгууну дагы да болсо улантып, эл аралык мелдештерге катышкым келет. Бирок таэквондо ассоциациясын реформалап, ишти жолго койбосо, натыйжа жакшы болбойт.

Спорттун чебери, таэквондо WTF ассоциациясынын мүчөсү Айбек Исмаилов Алексей Пак таэквондонун Түштүк Кореядагы башкы штабы тарабынан берилген материалдык, каржылык колдоолорду өз кызыкчылыгына жумшап, ассоциация жетекчилигине кылмыш чөйрөсүнө катышы бар адамдарды аралаштырып жатат деп эсептейт.

- Кукивондо жайгашкан башкы штаб тарабынан Таэквондо WTF спортун өнүктүрүү үчүн каржылык, материалдык колдоолор биздин өлкөгө келет. Бирок бул каражаттар өз максатына эмес, Алексей Пактын жеке кызыкчылыгы үчүн жумшалууда. Аймактардагы түгүл, Бишкек шаарындагы спорт клубдарына жардамга келген каражаттар берилбейт. Андан сырткары уюмдун жетекчилигине кылмыш чөйрөсүнө катышы бар адамдар дайындалууда. Бул көрүнүшкө жолтоо болбосо болбойт. Ал жакта биздин балдар машыгат. Алар балдарга кандай тарбия беришет?

Өз кезегинде дарегине сын-пикирлер айтылып жаткан Кыргызстандын Таэквондо WTF ассоциациясынын президенти Алексей Пак менен байланышууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок.

Бул уюмдун башкы кеңсеси жайгашкан Бишкектеги Sun-City спорттук көңүл ачуу борборунун администратору Александра атуу айым Алексей Пак менен байланышып, бул маселени кабарлап, жооп алып берүүгө убада кылган. Тилекке каршы, кечке жуук:

- Бул тууралуу айткам. Кайра чалып жообун айтам деген боюнча чалган жок. Азыр мен ага чалып сүйлөшө албай жатам, - деген жоопту узатты.

Эгер айтылган сындарга карата Таэквондо WTF ассоциациясынын жетекчиси Алексей Пак өз пикирин айтам деп кайрылса, ага да мүмкүнчүлүк берилмекчи.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG