Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Журналист-министр чыры кайда алып барат?


Иллюстрация
Иллюстрация

Журналист Турат Акимов мындан эки күн мурда өзүнө болгон кол салууну ички иштер министринен көрө тургандыгын билдирди.

Бир жума мурда дагы бир журналист депутаттын ур-токмогуна кабылган. Андан 20 күн илгери журналист, саясат таануучу Уран Ботобеков кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан коркутуу-үркүтүүлөр болуп жаткандыктан өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган.

Акыркы күндөрү журналисттерге коркутуулар, кысымдар болуп жатканына эмне себеп? Же жазмакерлер кырдаалды жасалма курчутуп жатабы? Журналисттин коопсуздугун ким, кантип коргош керек?

"Арай көз чарай" талкуусуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси, полковник Бакыт Сейитов жана журналист, медиа серепчи Азамат Тынаев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, журналист Турат Акимов өзүнө болгон кол салуунун артында ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаев турат дегендей айтты. Министр мырза бул билдирүүнү кандай кабыл алды, жообу барбы?

Бакыт Сейитов: Журналист Акимовдун айткандары боюнча кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Акыркы маалыматтарга таянсак, журналист министр Турганбаевди негизсиз күнөөлөгөн, бул такталбаган маалымат боюнча калууда. Ага кол салуу болгондон бери тергөөнүн жүрүшүн дайыма көзөмөлдөп турабыз.

Баса, Акимов башында турган “Деньги и власть” гезити Ички иштер министрлиги жана министр Турганбаевге байланыштуу сын макала жарыялаган эмес. Экөөнүн ортосунда буга чейин чыр-чатак же карама-каршы мамилелер да болгон эмес.

“Азаттык”: Турат Акимов министр Турганбаев менен мындан бир канча күн илгери башка бир адамды жолуктуруу жөнүндө сүйлөшүшкөн дедиңиз, ал кийин болбой калыптыр. Акимов "эгер Турганбаев менен болгон сүйлөшүүнү жарыяласак эл аралык жаңжал чыгат" деп жатпайбы, анын төркүнү кайда?

Бакыт Сейитов: Чындыгында мындан бир ай мурда Акимов жеке маселеси боюнча министрдин жардамчысына кайрылып, Москвадан бир киши келет, жашыруун маалыматтар бар дегендей кылган экен. Бирок ал макулдашкан күнү жолугушууга жалгыз келген. Айткан кишиси Москвага учуп кеткен болот. Кайра келгенде жолуктуруу жөнүндө сөз болот. Эгер кандайдыр бир маанилүү маалыматтары болсо бизге берсе болот, ал жөнүндө да өз пикирибизди айтабыз. Адам кимдир бирөөгө айып коюп жатканда аны фактылар, деталдар менен тастыкташ керек болчу.

“Азаттык”: Азамат мырза, коомчулукта бул окуяны "журналисттер өздөрү көбүртүп-жабыртып жатышат" деп, өздөрүнө башкалардын көңүлүн бурдуруш үчүн, чет өлкөгө чыгып кетүүнүн амалын жасап жатканын, андай окуяларга күн сайын ондогон жарандар кабыларын мисал тартышат... Журналист Турат Акимовго байланышкан окуядан сырткары бир жума мурда дагы бир журналист депутаттын ур-токмогуна кабылган. Андан бир аз илгери журналист, саясат таануучу кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан коркутуу-үркүтүүлөр болуп жаткандыктан өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган. Акыркы күндөрү журналисттерге коркутуулар, кысымдар күчөп жатабы?

Азамат Тынаев: Дүйнө жүзүндө журналистика коркунучтуу, кооптуу кесип катары белгиленет. Күн сайын, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы аймагында журналисттерге коркунучтар туулуп турат, аларды уруп-согуп, жарадар кылып, өлтүрүп кеткен ондогон фактылар катталат.

Мындай абал Кыргызстанга да таандык. Журналисттерге ар кандай деңгээлдеги кысымдар көрсөтүлүп келет же кесиптик ишин жүргүзүүгө тоскоолдук кылган фактылар көп катталат.

Кечээ жакында НТС каналынын операторун көчөдө камерасы менен иштеп жатканда машина уруп кетип каза болуп калды. Былтыр КТРКнын кабарчыларын электр эсептегичтери үчүн жөнөкөй эле адамдар уруп коюшкан. Булар башка жагдайлар.

Биз талкуулап жаткан окуя чоң саясат менен байланышы бардай кабылданууда. Коомчулукка эки кишинин оозеки сөзүнүн жыйынтыгы менен бир жактуу баа берүүгө азырынча эрте, деп ойлойм.

“Азаттык”: Мындан 5-6 жыл илгери бийликтегилер журналисттерди коркутуп, оозун жабыш үчүн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн пайдаланышкандыктан бир топ журналисттер сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Анткени журналисттерге байланыштуу кылмыш иштери аягына чыкпай эле жатпайбы, ошондон улам ишенбөөчүлүк көп болуп жатат...

Азамат Тынаев: Биз Турат Акимовду өтө курч, оппозициялык маанайда жазган макалалары менен тааныйбыз. Эгерде бийликтегилер менен байланышкан нерсе болсо, анда жазган макалаларын, маалыматтарын окуп, талдап эле таап чыкса болот. Анткени жөн жерден эч нерсе чыкпайт.

XS
SM
MD
LG