Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Ыстаканда кантың бар...бы?


Быйылкы жазгы жана жайкы кургакчылыктан улам кант кызылчасынын түшүмү начар. «Азаттык» бул маселени «Арай көз чарай» талкуулады.

«Азаттык» бул маселени «Арай көз чарай» талкуулап, ага ЖК депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү, айыл чарба адиси Эсенгул Исаков жана “Кызылчачылар” ассоциациясынын жетекчиси Абден Назаров катышты.


Түз линк



“Азаттык”: Абден мырза, алгачкы сурообуз сизге болсун, быйыл кант кызылчасы жаатында акыбал кандай?

Назаров: Акыбал абдан жакшы деп айтуу кыйын. Быйыл 10 миң гектар жерге кызылча айдайбыз деп ниеттендик эле, бирок 8,5 миң гектар жерге айдадык. Анын ичинен да жазгы кургакчылыктан улам 5 миң гектардайын араң аман алып калдык. Жаан жаабай, кургакчылык болуп, себилген үрөн чыкпай калды. Ошондуктан түшүм да кубантаарлык эмес, бир гектар жерден 200 центнердин айланасында кызылча алчудай болуп турабыз.

Исаков: Кант кызылчасынын көйгөйлөрү парламентте да көтөрүлүп келе жатат. Бирок тилекке каршы жыл сайын эле боло жүрчү көйгөйлөр дагы деле кайталанып келе жатат. Бүгүнкү күнү кызылчаны кайра иштетүүчү ишкана жалгыз “Кайыңды кант” заводу болуп атканы кызылча айдоону дагы деле солгундатып жатат. Мурунку жылдары “Кошой” кант заводун ишке киргиздик, бул “Кайыңды кант” заводуна атаандаш болот дедик эле, ал дагы бир колго өтүп, иштебей калды. Мамлекет ошол заводду өзүнө алып, кызылчачылар ассоцициясы менен чогуу иштетсе болмок.

“Кайыңды кант” заводунун иши начар деп айтпайм, алар аракет кылып, үрөн апкелип, дыйкандарга жардам берүүгө аракет кылып жатышат, бирок бул жетишсиз. Кыргызстандын ички керектөөсүнө эле 135 миң тонна кумшекер кетет. Бизде өндүрүлгөн кумшекер эң көп дегенде 12-13 миң тонна болот. Бул маселени чечүү үчүн кант кызылчасын көп айдап, дагы бир нече кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарыл.


Түз линк



“Азаттык”: Кызылчанын канттуулугу быйыл канча пайыздан коюлуп жатат?

Назаров:
Азыр бир тонна кызылчадан 71-77 кг. кумшекер чыгарып берет, бул убактылуу деп макулдашканбыз. Анткени кант заводдорунун лабораториясынан канттуулукту далилдей албайт экенбиз. Мурунку жылдары кант завод монополист болуп турган учурда өздөрү каалагандай кылып коюшкан канттуулукту. Ошондо да биз алар менен чырылдашып отуруп, орточо 71-77 кг. деп койгонбуз. Дыйкандар кызылчаны тапшырып жатканда баткагына 7% ашуун чыгарчу болсо, ошол жерде комиссия түзүлүп, бул маселени карайт. Ошондой эле таразадан алдайт деген нааразылыктардын натыйжасында биздин ассоциациянын кишиси келип, өз көзү менен көрүп, кол коюп, таразаны текшерип берет.

“Азаттык”: Эсенгул мырза, кызылчадан алынган канттын сапаты дүйнөлүк базарда берки камыштан алынган кантка караганда алда канча жогору бааланат. Ошондуктан кант кызылчасын өндүрүп, аны кайра иштетүүнү эмне үчүн көбөйтүүгө болбосун?

Исаков: Менин маалыматым боюнча, бизде өндүрүлгөн кумшекердин 80-90% сыртка, чет мамлекетке сатылат. Ошондуктан биздин сапаттуу кумшекер өзүбүзгө жетпей атат. Бирок бул жерде заводду күнөөлөөгө да болбойт, алар ишкананы улам заманбап жабдуулар менен жабдып, кант кызылчасын иштетүүнү арбытууга аракет кылып атышат. Менин айтайын дегеним, буларга мамлекет тарабынан салык жана башка жактан жардам бериши керек. Мамлекет алар менчик деп эле отура бербестен, алар менен чогуу иш алып барууга тийиш. Ошол эле учурда жалгыз “Кайыңды кантты” карап отура бербей, дагы кант өндүрүүчү ишканаларды көбөйтүү зарыл, себеби биздин кумшекерге суроо-талап көп.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG