Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:32

Дүйнө

"Таза вино" деген эмне?

Вино (же шарап) – даярдалышы, сакталышы жагынан өтө назик ичимдик. Азыр Бишкектеги кайсыл дүкөнгө кирбеңиз, дүйнөнүн чар тарабынан винонун түрлөрүн таба аласыз. Аларды сапаты жагынан жогору деп сатышат. Бирок эмне үчүн анын болгону 1-2 бокалынан эле эртеси күнү баш ооруйт?

Мултимедиа

Үндү жүктөө
  • "Таза вино" жөнүндө баянды угам десеңиз...

Текст көлөмү - +
Кабарчыбыз Төрөкул Дооров бул суроого жооп издеп, винонун мекени Францияга барды жана таза вино дүйнөдө өтө аз колдонулган, көпчүлүккө беймаалым нерсе экенин түшүндү.

Кандай винону таза десе болот?
 
Адистердин айтымында, винонун тазасында жүзүмдүн өзүнүн ширесинен сырткары эч нерсе болбошу керек. Бул дегени – жүзүмдү ачытканда, ага жүзүмдүн өзүндө жок эч нерсени кошпош керек дегенди билдирет.

Оливье Кузаң - франциялык вино өндүрүүчү
Францияда "таза вино" өндүрүүчүлөрдүн саны 1000 тегерегинде. Жалпысынан өлкөдө 14 миңдей вино өндүрүүчү бар.

Оливье Кузаң (Olivier Cousin): “Вино жакшы же начар экенин сиздин денеңиз гана аныктай алат. Эгерде эртеси күнү башыңыз ооруп, өзүңүздү начар сезсеңиз, демек, сиз кечээ начар вино ичкен экенсиз”.
 
Алар "винонун тазалыгы" жерге карата сылык мамиледен башталат деп ишенишет
Алар жүзүмдү отургузуш үчүн жерди трактор менен казбай, ата-бабаларыбыздай атка байлатып соко менен жер айдашат экен. "Анткени трактор – бул темир, катуу. Анда жерге карата зөөкүрлүк бар", - дейт Кузаң.

Винону ар кайсыл элде ар кандайча атап жүрүштү. Мисалы, кыргызча "шарап" дейбиз. Бирок азыр латынча “винум” деген аталышы гана сакталып калды окшойт. “Винум” дегени “күч” дегенди билдирет. Анткен менен химиялык заттарга толо вино чындап эле адамга күч береби?

Өзүңүздүн пикириңизди калтырыңыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyz каяктан: europa
26.02.2010 22:48
Винонун адамга күч бергенин билбейм, бирок таза вино ичкенде баш, мээ жеңилдеп көңүл көтөрүлгөнүн билем. Анан башка спирт ичимдиктерине караганда адамдын ден соолугуна зыяны аз, пайдасы көбүрөөк экенин да билем.
Атайын адистерден сураш керек го дейм, вино кайсы органдарга пайдалуу, адамга күч береби же жокпу???

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине