Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

“Апийим экономикасы” жетер чегине жетти


Сатыкка даярдалган героин ооган полициясы тарабынан алынган учур. Герат, 14-январь, 2014-жыл.
Сатыкка даярдалган героин ооган полициясы тарабынан алынган учур. Герат, 14-январь, 2014-жыл.

Жакында Кыргызстанда да, Тажикстанда да күч кызматтары ири көлөмдө маңзат жана анын ташыгандардын тобу кармалганын жарыялашты.

Ооганстанда апийим жана героин өндүрүшү азайбастан тескерисинче, жылдан-жылга өсүп жатканын эске алганда, анын Борбор Азия аркылуу транзиттелген бөлүгү да көбөйө берчүдөй. Ооганстанда маңзат өндүрүшүнүн азайбай жатышынын себептери жана Кыргызстандагы апийим аткезчилиги менен байланышкан соңку кырдаал “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө талкууланды.

Ооганстанда апийим өндүрүшүнө каршы киргизилген программа оңунан чыкпай эле кайра ойрон болгонун өткөн аптада Кошмо Штаттардын бийликтери да моюнга алышты.

АКШнын Ооганстанды кайра куруу боюнча башкы инспектору Жон Сопконун 21-октябрда жарыялаган баяндамасында акыркы он жылдыкта апийимге каршы күрөшүү иштерине 7, 6 миллиард доллар каражат сарпталганына карабай, ал оң жыйынтык бербегени белгиленет.

Вашингтондогу Брукингс институтунун улук иликтөөчүсү, Ооганстан жана маңзат ири көлөмдө өндүрүлгөн өлкөлөрдөгү көмүскө экономика боюнча адис Ванда Фелбаб Браун (Vanda Felbab-Brown) “Азаттык” менен маегинде апийим өндүрүшүн азайтуу аракеттери ийгиликке ээ болбогонунун ички себептери катары буларды атады:

- Апийим өндүрүшү азайбаганынын эки негизги себеби бар. Биринчиси - ооган экономикасынын бул фундаменталдуу табияты, экономиканын үчтөн бир бөлүгүнөн ашууну абдан эле тез өзгөрө алат деген реалдуу эмес күтүүлөр. Экинчиси - жүргүзүлгөн саясаттын көп учурда эффективдүү эместиги, атүгүл терс натыйжа бергени. Буларга кошумча оогандардын көбүнүн жан сактоосу, экономикалык мобилдүүлүгү апийим өндүрүшүнө көз каранды болгону. Апийим экономикасынан карапайым адамдардан тартып, бийликтегилер, өкмөткө каршы согушкерлер да түрдүү жолдор менен пайда көрүп жатат.

Улуттар уюмунун Маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңсесинин эсебинде, 2013-жылдын жыйынтыгында, ооган фермелери апийим эгилген талааны 209 миң гектарга жеткиришкен. Айдоо аянттарынын көлөмү жагынан ага чейинки рекорд 2007-жылы багындырылып, анда апийим 193 миң гектар жерге айдалган эле. Мурдагы жылы болсо бул көрсөткүч 154 миң гектарды түзгөн.

"Апийим экономикасынан" карапайым адамдардан тартып, бийликтегилер, өкмөткө каршы турган согушкерлер да түрдүү жолдор менен пайда көрүүдө.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын инспекторунун баяндамасына караганда, ооган дыйкандары акыркы он жылдыкта өлкөнүн түштүк батыш бөлүгүнөн 200 миң гектардай чөлдү апийим эгүүгө боло турган талаага айланта алды. Буга өз кезегинде апийим аянттарына суу алып чыгууга мүмкүндүк берген “терең кудук” технологиясы да кол кабыш кылды.

Кошмо Штаттардын Кабулдагы элчилиги соңку жылдары апийим аянттары ооган өкмөтүнүн туруму жана аларга колдоо күчтүү аймактардан башкаруу жана бийлик институттары алсыз, коопсуздук талаптагыдай эмес аймактарга көчүрүлгөнүн белгилейт.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан "Эл аралык кризис тобу" уюмунун Кабулдагы өкүлү Грэм Смит (Graeme Smith) өз байкоолору менен бөлүштү:

Грэм Смитс
Грэм Смитс

- Ооганстанда жашаганыма беш жылдай болду. Өлкөнүн аймактарын кыдырган кезде, өзгөчө түштүк тарапта жана чыгыштын бир бөлүгүндө болгон маалда жайкалган апийим талааларын көрөм. Дыйкандар апийим өндүрүүдө колу-жону такыр эле бош деп айтууга болбойт. Аларга жашаган аймагын көзөмөлдөгөндөр менен макулдашууга туура келет. Башкача айтканда, "Талибандан", эч кимге баш ийбеген кол башчылардан же аймакты көзөмөлдөсө, өкмөттөн уруксат алууга туура келет. Апийим өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу бир жагынан коррупция менен байланыштуу. Өкмөттө расмий түрдө маңзаттарга каршы иш жүргүзгөн министрлик, миңдеген адам иштеген маңзат полициясы бар. Ал полиция апийим талааларын талкалап, адамдарды камакка алып, тигил же бул жакка жөнөтүлгөн жүктөрдү кармайт. Бирок коррупциядан улам айрым учурларда мындай чаралар өкмөтчүл эмес, өкмөткө каршы элементтер көзөмөлдөгөн аймактардагы апийим талааларынын ээлерине каршы көрүлөт.

Грэм Смит апийим өндүрүшүнүн салыгы "Талибан" көзөмөлдөгөн аймактарда шарият мыйзамдарына ылайык талибдерге төлөнөрүн, ошол эле апийим өндүрүшүнөн ооган бийлигиндеги коррупциялык элементтер да байлыкка туйтунуп жатканына токтолду:

- Салык төлөнгөнү чын. Адатта бул механизмди шарият мыйзамында үшүр жана зекет деп коюшат. Үшүр түшүмдүн 10%, зекет акчалай кирешенин 20% бир бөлүгү. Бул салыкты дыйкандар алар жашаган аймакты көзөмөлдөгөндөргө - "Талибанга" же башкаларга төлөшөт. Мен түшүнгөндөн ооган өкмөтүндөгү адамдар, апийим индустриясынан өтө көп киреше жыйнашат. Канча экени белгисиз жана жашыруун, балким бул жылына миллиарддаган доллар. Албетте Ооганстандын өкмөтү бюджетке эч нерсе албайт. Саналуу апта мурда эле өкмөт чет элдик донорлорго бюджет кызматкерлеринин, дарыгерлердин, мугалимдердин маянасын төлөй албай жатканын айтып, бул үчүн дагы жарым миллиард долларды тезинен таап берүүнү суранды. Өзү ооган өкмөтүнүн казынасы бош, бирок өкмөттөгү коррупциялык элементтер акыркы жылдары абдан эле байып кетишти.

Айрым эксперттер таң каларлык көрүнүш деп аташканы менен ооган бийликтери апийим эгилген аянттардын 95% "Талибан" көзөмөлдөгөн аймактарда деп ырастап келишет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:28 0:00
Түз линк

Өлкөнүн маңзаттарга каршы күрөшүү министринин орун басары Ибрагим Азхар “Азаттык” менен маегинде алардын эсеби боюнча "Талибан" апийим өндүрүшүнөн жылына 400 миллион доллардан ашуун салык жыйнарын белгилеп, ал эми дыйкандар алуучу киреше тууралуу буларга токтолду:

- Бир гектардан алар 35-40 килограммдын тегерегинде апийим жыйнашат. Бир килограммдын дыйкандар үчүн баасы азыр болжол менен 260 доллардын тегерегинде. Мына ушул цифраны бири-бирине көбөйтсөңүз апийимдин бир гектарынан дыйкандар көрүүчү дүң кирешенин наркы чыгат. Апийимди дыйкандардан майда соодагерлер сатып алып кетишет. Дыйкандар үчүн базар короосунун сыртында эле.

Ооган министринин орун басары жогоруда айткан цифраларга караганда, жергиликтүү дыйкандар апийимдин бир гектарынын түшүмүнөн 9 -10 миң доллардын тегерегинде акча жыйнайт экен. Өлкөдө жалпысынан 200 миң гектардан ашуун жерге апийим эгилерин эске алганда, дыйкандар үчүн андан түшчү дүң киреше 2 миллиард доллардын тегерегинде дегенди билдирет.

Кыргызстанда кармалган маңзат көлөмү өстү

Адатта ооган апийими дыйкандардын колунан чыгып, чек араларды көздөй жылган сайын баасы кымбаттай баштайт. Мындан улам товарды сыртка чыгарууга ириде өлкө ичиндеги соодагерлер кызыкдар, дейт Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Ванда Фелбаб -Браун:

- Товардын канча бөлүгү кайсыл жол менен сырт базарга чыгарын эч ким так билбейт. Эгер сиз 100 килограмм маңзат кармаган болсоңуз, бул жалпы жүктүн токсон же беш пайызыбы так билбейсиз да. Андыктан эсептер божомолдорго гана негизделген. Ошол эсептер боюнча Ооганстанда өндүрүлгөн апийим менен героиндин үчтөн бири Борбор Азия өлкөлөрү, үчтөн бири Пакистан, калган бир бөлүгү Иран аркылуу чыгат.

Өткөн аптада Ооганстандын жакын коңшусу Тажикстанда, андан кийинки транзиттик түйүн Кыргызстанда да күч түзүмдөрү ири көлөмдө маңзат алынганын жарыялашты. Тажик бийликтери 100 килограмм апийим жана 30 килограмм героин менен кармалган топту чек ара кызматынын жогорку даражалуу офицери жетектерин айтышса, Кыргызстанда баарын кошкондо 22 килограмм маңзат, анын ичинде 10 килограмм героин менен кармалган топтун башчысы теги боюнча тажикстандык кыргыздардан келген коомдук ишмер болуп чыкты.

ИИМдин маалыматына таянсак, Кыргызстанда жыл сайын маңзатка байланыштуу эки миңге жакын кылмыш иши катталат. Алардын басымдуу көпчүлүгү маңзатты мыйзамсыз ташуу жана сатууга байланыштуу. Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматында, быйылкы алгачкы жарым жылдыкта былтыркыга салыштырмалуу мыйзамсыз жүгүртүүдөгү маңзат төрт эсе көп алынган. Тагыраак айтканда, 2013-жылдын 6 айында болгону 3,5 тоннага жакын маңзаттын ар кандай түрү алынса, быйыл бул көрсөткүч 12 тоннадан ашып кеткен.

Айрым эксперттердин эсебинде, Кыргызстан аркылуу транзиттелген маңзаттын эң көп дегенде 10-15% гана кармалат.

Ооганстанда азыр келерки жылга апийим эгүү иши аяктады. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен кандай көрсөткүчтөр күтүлүп жатканын биз маңзатка каршы күрөшүү министринин орун басары Ибрагим Азхардан сурадык:

- 2014-жыл үчүн отчетубузду биз азырынча жыйынтыктай элекпиз. Балким бул ишти ноябрдын соңуна барып бүтүрөбүз. Бирок биз бул жылы айдоо аянттарын апийимден арылтуу ишинде жакшыраак ийгиликке жетишпегенибиз анык. Жыл башында апийимден 21 миң гектар жерди тазалайбыз деген план мерчемдеген эле. Бирок узакка созулган президенттик шайлоодон улам биз бул ишти абдан жигердүүлүк менен жүргүзө алган жокпуз. Быйылкы түшүмдүн дүң жыйымы биз үчүн азырынча белгисиз. Анткени апийим талаалары табигый илдетке чалдыккан аймактар болду. Бирок апийим айдалган аянттын көлөмү быйыл былтыркыга салыштырмалуу бештен он пайызга чейин көбөйөт.

БУУнун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси апийим түшүмүнүн Ооганстанда быйыл күтүлгөн көлөмүн 5500 тонна деп болжолдогон.

Ооган өкмөтү эмес базар тескейт

"Эл аралык кризис тобу" уюмунун Кабулдагы өкүлү Грэм Смиттин пикиринде, кандайдыр бир себептер менен Ооганстанда түшүмдүн начарлашы Кыргызстан сыяктуу транзиттик өлкөлөр менен ал аз ташылып калат дегенди билдирбейт:

- Мен түшүнгөндөн Ооганстан апийимди дүйнөлүк базарга толтуруп эле койду. Өндүрүш көлөмү азыр максималдык чекте. Бул айрым учурда албетте саясий эмес факторлорго, аба ырайына көз каранды. Дыйкандар жаратылыштын ар кандай кесепеттеринен жабыр тартып калышат. Бирок менимче мындай сезондук таасирлер Кыргызстанга чейин жеткирилген апийим менен героиндин көлөмүнө олуттуу деле таасир бербейт. Мунун жөнөкөй эле жүйөсү кампадагы кордун көптүгү. Эгер бир жылы түшүмдүн көлөмү азайып кетсе, бул соодагерлердин эле пайдасындагы иш. Анткени баа өсөт да. Учурдагы тенденцияны эске алганда, Кыргызстан апийимдин ири көлөмдө келиши улануусун күтө берсе болот.

Эгер базардын мыйзамдарын эске алсак, өндүрүштүн көлөмү азыр эң жогорку чекке чыккандыктан, айдоо аянттары мындан ары эки эселеп көбөйө албайт. Себеби базарда ал түшүмдү батыргыдай орун жок да.

"Эл аралык Кризис тобу" уюмунун Кабулдагы өкүлү Грэм Смит “Азаттык” менен маегинде Ооганстандын жаңы президенти, жаңы бийлигинде деле дыйкандарга апийимдин ордуна альтернатива бергидей ресурс болбостугун кошумчалады:

- Жаңы ооган өкмөтүнүн көйгөйлөрү өтө көп. Экономикалык кырдаал абдан начар. Татаал шайлоо талашына кийинки саясий кырдаал деле олку-солку. Жер-жерлерде козголоңчулар күчөп турат. Быйыл өмүрү кыйылган ооган коопсуздук күчтөрүнүн саны былтыркыдан эки эсе көп болду. Демек ооган өкмөтүнүн азыр маңзат өндүрүшүнө каршы күрөштөн да артыкчылык берген маселелер бар. Менин ишенимимде, азыркы өкмөт апийим өндүрүшүн азайтуу багытында көзгө көрүнөрлүк олуттуу жылыш жасай албайт. Президент Гани маңзаттарга каршы жаңы ири өнөктүк баштагыдай саясий, аскерий жана экономикалык ресурска ээ болушу арсар.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:46 0:00
Түз линк

Маңзат өндүрүшүн жүйөлүү себептерден улам Ооганстандын жаңы өкмөтү деле кыскарта албасын Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Ванда Фелбаб-Браун да айтууда.

Бирок ал дүйнөнүн маңзат базарындагы кырдаал Ооганстандагы апийим өндүрүштү азыркы деңгээлден көбөйтпөй кармашы мүмкүндүгүн кошумчалады:

- Менимче, кийинки же андан кийинки жылы маңзаттын баасы түшөт, бул өндүрүш көлөмүн басаңдатат. Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу транзит жана соода кызуу уланганы менен анын көлөмү азыркыдан эки эсе көбөйүп кетет деп ишенимдүү айта албайбыз. Түшүм көлөмү рекорддук чекке чыккандан кийин баа арзандаган учурларга биз акыркы он-он беш жылда күбө болуп келдик. Баа алдыдагы алты же 18 айда болбосо да андан кийин түшөт. Албетте базардагы суроо-талапта өсүү бар. Узактан бери эле биз дүйнөлүк базардан бир жылдык муктаждыгы үч миң тонна деп ойлоп келгенбиз. Ооганстан мындан дээрлик эки эсе көп өндүрүп жаткандан кийин бул эсеп да суроо жаратып калды. Маңзатты эң көп керектеген Кытайда азыр героинди колдонуу көбөйүүдө. Бирок анын басымдуу бөлүгү Ооганстандан эмес, коңшу Бирмадан келет. Дүйнөнүн калган бөлүгүндө керектөө көрсөткүчү балким бир калыпта турат же акырындык менен өсүүдө. Эгер базардын мыйзамдарын эске алсак, өндүрүштүн көлөмү азыр эң жогорку чекке чыккандыктан, айдоо аянттары мындан ары эки эселеп көбөйө албайт. Себеби базарда ал түшүмдү батыргыдай орун жок да.

Өзү Ооганстан учурда дүйнөдө өндүрүлгөн апийимдин 80% берет. Андан кийинки орунда мурдагы Бирма, азыркы Мьянма мамлекети турат.

XS
SM
MD
LG