Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Ырчы катышкан төө буурчак чыры


Омар деген ысым менен белгилүү эстрада ырчысы Өмүрбек Жанышев Таласта камакка алынды. Ал шылуунчулукка барган деп шектелүүдө. Ырчынын жакындары бул айыпты жалаа деп жатышат.

Омарды 27-июлда милиция Таласта кармап, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камады. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын ага инспектору Эрнис Осмонбаев Омарды кармоо себебин мындайча чечмеледи:

- Жабырлануучу бир жылдан бери чыдап күтүп жүргөн экен. Бирок алар алган акчасын кайтарып беришпей, улам убакытты созо берген. Чыдамы кеткен кезде арыз жазыптыр. Учурда Өмүрбек Жанышевге 166-берене боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Жанында жактоочулары болду. Мындан мурун шериги да 21-июлда кармалып, учурда бир айга камакка алынды. Омардын баш коргоо чарасы эртең каралат. Азыр 94-берененин негизинде 48 саат камакта отурат.

Эрнис Осмоновдун айтымында, Омар шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акча алган бойдон кайтарып бербей, качып жүргөнү тууралуу арыз түшкөн.

Ырчынын продюсери Миргүл Эсеналиева окуя массалык маалымат каражаттары жазып жаткандан башкача өнүккөнүн, бул жерде башкалар Омардын атын сатып, элди алдап жүргөнүн кыйытты:

- Омар эч кимди алдаган эмес. Эгер ал качып жүрсө, биз ушул жерге келет белек? Биз арыз жазылганын билген эмеспиз. Омар райондук ички иштер бөлүмүнө өз эрки менен келди. Эч ким кармап алып келген эмес. Милициядан Омарга келип, арыз бар экенин айтышты. Биз абийирибиз таза болгон үчүн көрсөтмө берейин деп келсек эле камап коюшту. Омар ал акчаны көргөн да эмес.

Миргүл Эсеналиеванын божомолунда, шериги деп кармалган киши Омардын атын сатып, мыйзамсыз иштерди жасаган. Аны кармашканда өзү менен чогуу ырчыны да "ала кетүүнү" чечкен.

Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында Омар ишенчектигинен улам ушул ишке кириптер болуп калганын айтып жаткандар да бар. Ырчынын чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүргөн досу Нурсултан Майназаров “Азаттыкка” буларды айтты:

- Омардын туугандарынын биринин досу ага "сен мага кепил болуп бер, сени элдин баары тааныйт. Мен фасоль алып, аны тез арада эле сатып, акчасын кайтарып коём" деп көндүргөн экен. Омар өзү ак көңүл бала. Адамдарга жакшылык кылайын деп ойлойт. Кыскасы, эки кишинин ортосуна түшүп, алган тарап үчүн кепил болуп берет. Кийин эле алган киши кача баштайт. Карыз берген киши Омардан талап кылат. Бир айдай мурун Омар алган кишини араң таап, тигинин карызын кайтарып берүүсүн өтүнгөн. Ал "макул, мен шаардын сыртындагы сарайымды сатып кутулам, төө бурчактын баасы түшүп, банкрот болуп калдым" деп айткан экен. Ошентип коюп эле жок болуп кетет. Ал ортодо тиги киши арыз жазып коюптур.

Нурсултан Майназаров Омар беш убак намаз окуган, жаман ишке барбаган жигит экенин, жакында үйлөнүп, ата-энесин кубандырайын деген тилекте жүргөнүн кошумчалады.

Жабырлануучу делген Болот Бейшеналиев менен байланышканыбызда ал Омарды такыр тааныбай турганын, убактысы жоктугун, тергөө жүрүп жатканын айтып, кылмыш иши тууралуу маалымат берүүнү каалаган жок. Өзүн "Бейшеналиевдин инисимин, атым Алмаз" деп тааныштырган адам буларды кошумчалады:

- 40 тонна төө буурчак меники болчу. Азыр Омар, Болот жана үчүнчү киши беттешип жатышат. Биз төө буурчакты Нуржанга бергенбиз. Омарды көргөн эмесмин. Биз арыз жаза турган учурда Нуржан Омарга бергенин айтты. Эми Омар Нуржанга шылтап жатат. Чынында биз Омарды көргөн эмеспиз.

Шоу чөйрөсүнүн дагы бир өкүлү Нурзат Токтосунова Кыргызстанда таанымал ырчылардын арасында алдамчылардын курмандыгы болгондор көп учурай турганын айтат:

- Чынында билинбегени менен шоу-бизнестин өкүлдөрү арасында алдангандар көп. Мисалы, мен кош бойлуу аялдын “төрөсөм сенин атыңды коем” деп беш-алты ырчыдан бирдей акча алып жүргөнүн көргөм. Омардын жакшы адам экенин элдин баары эле билсе керек. Бирок бир жаман жери - ак көңүлдүгү менен бирөөлөргө макул болуп, аны куткаруу менен өзү аңга түшүп кетиши да толук мүмкүн. Бизде шылуундарга алданып, концерттен түшкөн акчаны алдырып жиберген, же бирөөгө акча карызга берип, кайра ала албай жүргөн ырчылар толтура.

Өмүрбек Жанышев 27-июлда Таласка “Кыргызстан” партиясы менен чогуу концерт бергени барган учурда кармалган. Учурда Жанышевдин кылмышка канчалык деңгээлде тиешеси бар экени тергелип жатат. Ырчынын шериги делген ишкер Нуржан Токтогулов Таласта өткөн жумада кармалып, бир айга камакка алынган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG