Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

БШК: 26 мамлекетте 36 шайлоо участкасы ачылды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров маалымдады. Ал Орусиянын өзүндө эле 500 миңден ашуун кыргызстандык жүргөнүн ырастап, алардын арасында биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны өтө аз экенин маалымдады. Өлкө сыртында жүргөндөрдүн ичинен 20 миң гана киши биометрикалык каттоодон өткөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кабарлашынча, августтун аягына карата 2 миллион 700 миң 471 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Алардын эң көбү Ош шаарына туура келет. Ош шаар тургундарынын 94 % жакыны тапшырган. Андан кийин Чүй (75%), Ош облусу (74% ашуун), Талас (72% жакын) турат. Баткен менен Жалал-Абад облусунун тургундарынын 65 % гана биометрикалык маалыматтарын тапшырган. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG