Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Н. Назарбаевдин кеңсе башчысы аялдар менен кездешүүдөн качууда


Астанада жерлери өкмөттүк муктаждык үчүн керек деп тартып алынганына нааразы беш аялды полиция кармап кетти. Алар беш күндөн бери Өкмөт үйүнүн маңдайына түнөшүп, президенттик администрациянын башчысы Нурлан Нигматуллин менен кездешүүнү талап кылып жатышкан.

Аялдардын айтымында, өкмөткө зарыл деп тартылып алынган жерлер көбүнэсе кызмат адамдарына жана ишкерлерге үй куруу үчүн пайдаланылат.

Каршылык акциясына чыккан аялдарга Эсил райондук милиция бөлүмүндө пикетке мыйзамсыз чыккансыңар, ал үчүн оболу уруксат алышыңар керек болчу деп айтылып, бир нече сааттан соң кое берилди. Аялдардын айтымында, президент Назарбаевдин администрация башчысы Нурлан Нигматуллин алар менен кездешмейинче, нааразылык акциясын уланта беришет.

XS
SM
MD
LG