Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Ошто жаштар Сулайман Тоону тазалашты


Ош шаардык жаштар комитетинин уюштуруусунда 400гө чукул жаштар Сулайман Тоонун бетин таштандылардан тазалашты.

Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Эрнис Кулназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чара “2014-жыл Ош шаары шериктеш өлкөлөрдүн маданий борбору” деп табылганына байланыштуу уюштурулууда.

Шаар жаштарынын бир тобу калаанын борбордук көчөлөрүндө айдоочулар менен жөө-жүргүнчүлөрдү жол эрежесин сактоого чакырышты.

КМШнын тышкы иштер министрлер кеңеши 2014-жылы Ош шаарын "Шериктеш өлкөлөрдүн маданий борбору” деп тапкан. Ага ылайык, ушул жылдын 27-майында Ош шаарына атайын макамды расмий кабыл алуу иш-чарасы өткөрүлөт. (YI)

XS
SM
MD
LG