Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Зыяш Бектенов: Сталиндик запкыны да, эгемендиктин салтанатын да көргөн залкар аалым

1937: Совет доорунда эки ирет жазыксыз жерден сталиндик абакта отурган манас таануучу аалым Зыяш Бектенов тууралуу сүрөт баян.


Алгы сөз
Зыяш Бектенов атаны да, анын уулу Эмил Бектеновду да көрүп калдым.
Зыяш Бектенов (23.10.1911 – 21.10.1994) атаны “Манас” дастанын изилдеп жүргөн жаш чагында сталинчил идеологиялык тар түшүнүктөн улам жазыксыз жерден ГуЛАГдын абагына кабылган чыгаан окумуштуу, манас таануучу, тилчи, адабиятчы, котормочу катары билчүбүз.
Ал өтө оор кырдаалда дагы эл үчүн, илим үчүн, акыйкаттык үчүн чыгармачыл кесиптик иш-аракетти улантууга болоорун өз өмүрү менен далилдей алган саналуу айдыңдардын бири. Бул жаатта кадырман аксакалдарыбыз – тилчи Кусейин Карасай уулу, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу, тарыхчылар Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, Сабыр Аттокуров жана башка чыгаан инсандар эске түшпөй койбойт.
Өрнөктүү өмүр
Зыяштын атасы Бектен – кыргыздын бугу уруусунун шапак уругунан болгон жана 1913-жылы Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Кең-Суу жергесинде бий болуп шайланган.

1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө Бектен да катышып, бул көтөрүлүш кандуу жазаланган соң, Улуу Үркүн маалында Чыгыш Теңир-Тоого (Батыш Кытайга) качкан жана ал жакта бозгунчулукта каза болгон. Анын уулу Зыяш беш жашар кезинде аман-эсен эл-жерине кайткан.

Зыяш Бектенов 1927-жылы Бишкектеги педагогикалык техникумга окууга өткөн. “Кызыл учкун” ийримине катышкан.
1930-жылдары ал кыргыздын латын жазмасындагы жаңы окуу китептерин жазууга автор катары салым кошкон.
Зыяш ата оболу 1937-38-жылдары сталиндик абакта жатып чыккан. Анын кайнатасы Найзабек Төлө уулу (Тулин) бир кезде Алаш Ордо уюмуна мүчө болгон экен...
Зыяш Бектенов 1950-жылы кайрадан жазыксыз жерден абакка айдалган. Эми аны үзөңгүлөшү Ташым Байжиев сыяктуу эле, “Манас” дастанындагы элдик мүнөзгө жат мазмунду колдогон деп айыптап чыгышты.
Ал Иосиф Сталин өлгөндөн кийинки доордо кайра акталган жана 1955-жылы абактан бошотулган.
Досу Ташым Ыскак уулу Байжиев (1909–1952) КарЛАГдагы абактан кайтпай калган, ал эми бул экөөнөн саал мурдараак камакка алынган дагы бир чыгаан адабиятчы илимпоз – Тазабек Саманчин (1909–1979) болсо абактан бошоп эркиндикке чыгып келгени менен, мамлекеттик эгемендикти көрбөй, жылуу сөзгө жетпей арманда көз жумган.
Пост-советтик доордо Зыяш Бектенов сталиндик жазалоолордо набыт кеткен жана айыпсыз куугунтукка кабылган даңазалуу замандаштары жөнүндө тарых үчүн өзгөчө маанилүү эскерүүлөр китебин жарыялаган.
Зыяш ата (аны “Зыяш агай” деп атаганыбыз да жөн) өзү бүткүл айдыңдык өмүрүн Ата журтунда билим жарыгын чачууга жумшады. XX кылымдагы далай кыргызстандыктар ал өзү жана автордошуп жазган окуу китептерди латын жазмасында да, кирил жазмасында да окуп, таалим алып келишти.
Айрым сыйлыктары
Ал эгемендик доорунун ирегесинде Кыргызстандын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери наамын (21.2.1991), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамын алган.
Бирок ал үчүн тагдырындагы эң чоң сыйлык – бул Кыргызстандын эгемендикке жеткенине жана коммунисттик цензуранын жоюлганына өз көзү менен күбө болуу бактысы эле.
Туурасы “Зыяшпы” же “Зияшпы”?
Аалымдын ысымы адабиятта "Зияш" деп берилет, бирок “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү анын бейитине тургузулган таш эстеликтеги текстте азан чакыргандагы аты "Зыяш" деп берилген. Бул кыргызча ысым арапча الدين ضوء "Зийа ад-Дин" - "Дин жарыгы" деген ысымдын кыскартылган, эркелетип айтылган түрү болуп саналат.
Анын китептеринде ысымы “Зияш” деп жазылып келет. Бирок мүрзө таштагы “Зыяш” варианты да бекеринен жазылып коюлбаса керек, себеби ысык-көлдүктөр, адатта, бул ысымды “ы” тыбышы менен айтышат.
Атанын уулу
Ал эми Зыяш атанын уулу Эмил Бектенов агай Кыргызстандын эгемендик доорунун алгачкы жылдары (1991-1994) өлкөнүн тунгуч Байланыш министри болгон. Ал өлкөнүн байланыш тармагын жаңыча куруу ишин жөнгө салган жетекчи адис болгон.
Эмил Зыяш уулу “Азаттык” үналгысына өз берүүлөрүн Кыргызстандагы орто жана ультра кыска толкунда эркин жана ырааттуу чыгаруусуна макулдугун берген расмий жетекчилерден эле.
1992-94-жылдары Эмил Бектенов агай менен көп ирет жолугушуп, анын кичи пейил, карапайым, жөнөкөй жана мыкты таалим-тарбия алган адис экендигине, атанын атын чыгарган чыныгы уул болгонуна күбө болгом.
Эстутум
Зыяш Бектеновдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө өзүнүн маркум жубайы Ракыш Найзабек кызы Бектенова (25.3.1918 - 22.5.1992) мурдараак коюлган бейитке жанаша жерге берилген. Өмүр бою бири-бирине тар жол, тайгак кечүүдө өбөк болгон ата-апасына кийинчерээк урпактары кош таш эстелик тургузушкан.
1997-жылы 19-майда З.Бектеновдун ысымы Бишкектеги мурдагы Днепропетровск көчөсүнө ыйгарылган.
2013-жылы 14-сентябрда болсо Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы кыздар лицейине З.Бектеновдун ысымы салтанаттуу түрдө ыйгарылган.
Интернеттеги эскерткич
Азыркы тапта Зыяш атанын урпактары анын элесин түбөлүккө калтыруунун жаңы усулдарын колдонуп жатышат. Маселен, Чынара Зыяш кызы жана анын уулу Азат Бектенов интернетте ziyash-bektenov.kg деген барак ачып, анда маркум аалымдын өмүр жолу, чыгармачыл мурасы тууралуу мултимедиалык маалыматтарды жарыялашты.
Төмөндөгү архивдик сүрөттөрдү да биз ушул барактан алдык, ага уруксат кылган Азат Бектенов мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.

Дегиңкиси, көзү өткөн башка залкарлардын урпактары да өз бабаларынын мурасы тууралуу маалыматты калайык акысыз колдонуусу үчүн интернетте бир нече тилде жарыялап турушса, анда мындан жалпы элибиз, анын ичинде дүйнө өлкөлөрүнө чачыраган, бирок өз тарыхый тамыры тууралуу маалыматка суусап жаткан замандаштарыбыз да, ошондой эле, кыргыз таануу илимий тармагы да зор утушка ээ болоор эле.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG