Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

НАТО: Орусия "дагы деле Украинада"


Чыгыш Украинадагы акыркы абал
Чыгыш Украинадагы акыркы абал

НАТОнун жетекчилиги Орусия "дагы деле Украинада" экендигин эскертти. Ал эми Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы Европаны Донбасс үчүн Крымды садага чаппоого үндөдү.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Орусия дагы деле Украинада» экендигин белгилеп, Москваны бул өлкөдөн бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.

Столтенберг 11-мартта Белгиянын Монс шаарындагы пресс-конференцияда буларды билдирди:

- Контакт (майдан) тилкесинен оор техника, айрым аскерлер кеткендигин көрүп жатабыз. Алардын же Орусияга, же башка жактарга кетип жаткандыгын биле элекпиз. Бирок жалпысынан буга чейинки жылыштар, тактап айтканда, оор курал аскердик тилкеден алыстап жаткандыгы үмүттөндүрөт.

Йенс Столтенберг менен Филип Бридлав 11-март, 2015
Йенс Столтенберг менен Филип Бридлав 11-март, 2015

Ушул эле пресс-конференцияда НАТОнун бирдиктүү куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, америкалык генерал Филип Бридлав Минскте өткөн айда жетишилген элдешүү келишиминен кийин Украинада согуш аракеттери кескин азайганын жана оор куралдардын айрымдары чыгарылганын билдирди. Бирок ал оор куралдар майдан аймагынан кайда алынып кеткендиги анык эмес экендигин белгиледи. Ал Орусия менен Украинанын чек арасы ачык болгондуктан, Украинада канча орус аскери бар экендигин жана алардын кыймыл аракетин көзөмөлдөө кыйын болуп жаткандыгын кошумчалады.

Бридлав оор куралдардын алынып кеткендигин тактоо үчүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көзөмөлдөөчүлөрүнө толук эркиндик берилиши керек деди. Ал эми Столтенберг элдешүүнүн шарттарын көзөмөлдөө жетишсиз экендигин айтты.

Ал арада Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы орус президенти менен сүйлөшкөндө Крым маселесин көз жаздымда калтырбоого чакырды. Оппозициядагы Михаил Касьянов Страссбургда Европа парламентинин комитетинде билдирүү жасагандан кийин "Азаттыктын" Молдова кызматынын суроолоруна жооп берди. 10-марттагы комитеттеги угуу оппозиция лидери Борис Немцов өлтүрүлгөндөн кийинки Орусиядагы абалга арналды.

Касьянов Путиндин агрессиясын токтотуп, анын «алабарман жана жоопкерчиликсиз саясатына» чек коюуга чакырып, буларды кошумчалады:

Михаил Касьянов
Михаил Касьянов

- Биз Европадагы досторубузга дайым ушул нерсени эскертебиз. Крымды унутпашыңар керек. Ошондой эле Донбасстагы элдешүүнүн башын ачабыз деп, Крымга көз жумуп, Путин мырза менен соодалашпагыла. Кеп, эптеп эле Донбасс маселесин чечиште эмес. Буга жол берүүгө болбойт. Путин мырза менен кармашта, сиздер жана биз ынтымактуу иш алып барышыбыз зарыл.

Белгиядагы сөзүндө НАТОнун жетекчиси Столтенберг Орусиянын аракеттеринин кесепеттери менен катар, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы тоз-тополоңдон улам НАТО «өзүнүн коргонуу дараметин» чыңдап жаткандыгын бышыктады.

Анын сөзүн кошумчалап, генерал Бридлав «Кансыз согуштан кийинки эң татаал кырдаалга байланыштуу» башка чаралар менен катар Чыгыш Европадагы базаларга аскерлер жана согуштук техника жиберилип жаткандыгын маалымдады.

Украинанын чыгышындагы согуш Орусия Крымды өзүнө каратып алгандан кийин башталган эле. Бул аннекцияны Киев да, Батыш да мыйзамсыз деп айыптап келишет.

Чыгыш Украинада былтыр апрелде башталган согуш аракеттеринде алты миңден ашык кишинин каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG