Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Украина: Конституцияны өзгөртүү сунушталууда


Майданда желек саткан аял, 3-февраль, 2014-жыл
Майданда желек саткан аял, 3-февраль, 2014-жыл

Украинанын президенти Виктор Янукович дүйшөмбү күнү ишке чыкты. Президент өткөн бейшембиде сасык тумоолоп, убактылуу эс алууга кеткенин маалымат кызматы кабарлаган эле.

Украин оппозициясы президент Янукович бул маалда өлкөгө чукул кырдаал киргизүүнүн камын көрдү деп кооптонууда.

Жекшемби күнү ири демонстарциялар Киевде жана Украинанын башка шаарларында өттү. Ошол эле күнү бийликтер уурдалды делген митингчилердин лидерлеринин бири Дмитрий Булатовдун чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксаат беришти. Айрым маалымат каражаттары Булатов Вильнюска кеткенин кабарлоодо.

Булатов 22-январда жоголуп, бир жумадан кийин кайра табылды. Өзү билдиргендей, аны белгисиз бирөөөлөр уруп-сабап, Евромайданды ким каржылаарын сурашкан.

Полиция Булатов массалык башалмандыктарды уюштурууга шектелип, суроого алынгандыгын, бирок прокуратура аны бошоткондугун бышыктады.

Жекшемби күнү Киевдин борбордук аянтындагы нааразылык акцияга катышкандардын саны 50 миңге жетти. Оппозиция лидерлеринин бири Виталий Кличко чогулган элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү. Анын айтымында, саясий туңгуюктан чыгуунун бир гана жолу - президент Януковчитин кызматтан кетиши жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү.

"Биз 2004-жылкы Конституцияга кайтууну сунуштайбыз. Бийлик президент, парламент жана өкмөт ортосунда бөлүнүшү керек. Жаңы министрлер кабинети түзүлүшү абзел. Эң башкысы эрте президенттик жана парламенттик шайлоолор өтүүсү зарыл" - деди депутат Кличко.

Ага-ини Кличколор жана оппозициянын дагы бир лидери Арсений Яценюк Мюнхендеги коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга катышып кайтышты.
Кличко Янукович менен сүйлөшүү үчүн эл аралык коомчулуктун жардамын сураганын бышыктады, ал эми Яценюк Батыштан оппозиция каржылык жардам күтүп жатканын тастыктады.

- Бүткүл дүйнө жөн эле карап турган жок. Дүйнө бизге жардам берүү боюнча чечим кабыл алды. Эми бизге курулай сөздүн кереги жок. Жетиштүү. Украиналыктар конкретүү кадамдарды талап кылат жана андай аракеттер болот деп бизге сөз берилген.

Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча башкы өкүлү Кэтрин Эштон Мюнхендеги коопсуздук конференциясында Украина боюнча журналисттерге мындай деди:

- Эң башкысы Украинда зомбулукка чекит коюлушу керек жана тараптар конструктивдүү диалогго барышы зарыл. Конституциялык реформа, парламенттин ролу каралышы керек жана алдыга жылуу зарыл. Бардык жараяндар ачык болуп, келечектеги шайлоолордун ачык жана таза өтүшүнө шарт түзүү абзел.

Өткөн жума Янукович премьер-министр Николай Азаровдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды, бирок жаңы премьер дайындала элек.

Шейшембиде парламентте констуциялык рерформа боюнча талкуу болоору күтүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча президенттин айрым укуктарын премьер-министрге өткөрүп берүү маселеси каралат.

Украинада ноябрдын аягынан тарта нааразылык акциялары уланууда. Массалык демонстрациялар президент Янукович Евробиримдик менен келишимге кол коюуга даярдыкты токтотуп койгон соң башталган.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG