Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:20

Сирия: Оппозиция бийликтин сунушун четке какты


Алеппо шаарынын талкаланган району. 18-январь, 2013-жыл.
Алеппо шаарынын талкаланган району. 18-январь, 2013-жыл.

Сирия оппозициясы өлкө тышкы иштер министринин сунушун четке какты. Валид ал-Муаллем оппозицияны куралсызданып, бийлик менен жаңы өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүгө чакырган эле. Бирок оппозиция өкүлдөрү президент Асаддын режими менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышты.

Сирия тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем мамлекеттик теледен ишемби күнү сүйлөгөн учурда козголоңчуларды куралын таштап, диалогго чакыруу менен жаңы өкмөткө “улутчул оппозиция” гана кошуларын, бирок президент Асаддын келечеги жөнүндө сөз кылуу расмий Дамаск үчүн “кабыл алынбастыгына” токтолгон эле:

- Эгер катышуучулар жаңы Сирияны кургусу келсе, улуттук диалогго кепилдик беребиз жана ал ачык-айкын болот. Президенттин турумун эч ким талкуулабашы керек. Бул - кабыл алынгыс. Мындан сырткары биз Брахими менен кызматташтыкты улантууга даярдыгыбызды айттык. Анын алдыдагы миссиясы маанилүү. Анткени бизде саясий күн тартип бар, ал бизге жардам бере алат.

Валид ал-Муаллем бул сөздөрдү БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими президент Асад өткөөл өкмөткө кирбөөсү керектигин билдиргенден бир аптадан кийин айтты.

Ал эми Сирия оппозициясы Асаддын режими менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууда.

"Аскерий кылмышкерлер менен сүйлөшө албайбыз"

Бийликтин соңку сунушуна жооп кылып, оппозициячыл топтордун башын бириктирген Сирия Улуттук коалициясынын Париждеги элчиси Монзер Махус:

- Валим ал-Муаллемдин билдирүүсү кыял сыяктуу. Оппозиция, Сирия коалициясы режим менен өкмөт куроого эч убакта барбайт. Анткени өз элин өлтүрүп, кандайдыр бир саясий чечим табуудан такыр эле баш тарткан режим менен талкуулай турган маселебиз жок. Сирия режими өзү саясий чечимге барууга жөндөмсүз. Башар Асад саясий чечимди издөө мүмкүнчүлүгүн акыркы сөзүндө жокко чыгарган.

Монзер Махус жана Сирия оппозициясынын башка лидерлери кечээ Стамбулдагы жыйында өткөөл өкмөттү куроо боюнча экинчи аракетин баштады. Алар ушул айдын аягында Парижде жолугары да күтүлүүдө.

Дамасктын чет жакасындагы Дума району. 17-январь, 2013-жыл.
Дамасктын чет жакасындагы Дума району. 17-январь, 2013-жыл.
Оппозиция эгер Асаддын режими куласа, Сирия этникалык жана диний негизде бөлүнүп кетеби деген эл аралык коомчулуктун тынчызданууларын басууга умтулууда.

Сирия Улуттук коалициясынын мүчөсү Луай Сафи оппозиция Асаддын бийликтен кетүүсүнөн башка сунушту кабыл албасын белгилейт:


- Биз Сирия өкмөтүндөгү адамдар бир нерсени чын ниетинен жасап жатканына ишене албайбыз. Алар саясат жүргүзбөстөн, саясий оюнду абдан ыплас ыкма менен ойноп жатышат. Биз айтып келгендей, алар шаарларды бомбалашып, нан бышырган жайларга, ооруканаларга кол салышууда. Аскерий кылмышкерлер менен биз кантип сүйлөшө алабыз?

Улуттар Уюмунун эсебинде, азыр 22 айга аяк баскан Сирия көтөрүлүшүндө жөн-жай тургундарды жана урушка тартылгандарды кошкондо 60 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG