Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Батыш Сирияга кысымын күчөттү


Сирияда бүгүн да өкмөткө каршы митингдер уланганы жатат. Бул өлкөдөгү абалга тынчсызданган эл аралык коомчулук Дамаск бийлигине кысымын күчөтүүдө.

18-августта Батыш лидерлери алгачкы жолу президент Башар Ассадды бийликтен кетүүгө ачык үндөштү. БУУ Сириядагы окуяларга баа берүү үчүн гуманитардык миссиясын жиберүүнү чечти.

Сириялык активисттер жума намазынан кийин Ассаддын режимине каршы акцияларды өткөрүүгө камынууда. Ал аралыкта БУУ Сирия өкмөтү адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталышы мүмкүн деп эскертти. Анын алдында Ассад демонстранттарга каршы аскерий операция токтотулду деп ишендирген эле. Жума күнкү чыгуулар президент убадасын аткарып-аткарбаганын көрсөтмөкчү.

18-августта АКШ президенти Барак Обама Ассадды бийликтен кетүүгө алгачкы жолу ачык чакырды. Ушундай эле билдирүүлөр бир катар европалык лидерлер тарабынан жасалды.

Вашингтон ошондой эле жаңы экономикалык санкциялар киргизилип жатканын жарыялады. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, жазалоочу чаралар “Сирия режиминин өзөгүнө сокку урмакчы”.

Атап айтканда, сириялык өкмөттүн АКШ мыйзамдары иштеген жерлердеги активдери тоңдурулат жана америкалык жарандарга Сирия бийлиги менен банк же бизнес иштерин жүргүзүүгө, инвестиция салууга, Сириядан мунай жана мунай заттарын импорттоого тыюу салынат.

Европа биримдигинин лидерлери да санкциялар тууралуу резолюциянын үстүнөн иштеп жатышканын билдиришти.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай расмий Дамасктын аракеттери адамзатка каршы кылмыш катары бааланышы мүмкүн деп, Коопсуздук кеңешин Ассад режимин Эл аралык кылмыш сотуна берүүгө чакырды.

Бейшембинин кечинде БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координатору Валери Амос бир нече күндүн ичинде Сирияга атайын топ жиберилерин, алар адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп чыгышаарын билдирди:

- Биз кагылышуулар тууралуу кабарлар түшкөн аймактарга өзгөчө көңүл бурабыз. Ал жерлердеги кырдаалды өз көзүбүз менен көрүп чыгууга аракеттенебиз.

Амос Дамаск өкмөтү БУУ делегациясы менен кызматташууга даярдыгын билдиргенин да айта кетти.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, гуманитардык миссияны жиберүү тууралуу президент Ассад менен баш катчы Пан Ги Мундун телефон сүйлөшүүсүндө макулдашылган. Буга чейин БУУнун Сирияга өз тобун жөнөтүү аракеттери Дамасктын каршылыгына туш болуп келген.

Ал эми Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жаафари сын пикирлерге жооп кайтарып, "Вашингтон өлкөнү дестабилдештирүү боюнча кампанияны жетектеп жатат" деп айыптады:

- Сирия өкмөтүнө каршы санкцияларды киргизип, президент Ассадды бийликтен кетүүгө үндөө менен Кошмо Штаттары бизге каршы кеңири гуманитардык жана дипломатиялык согуш баштоодо.

Алардын максаты - өлкөдөгү зордук-зомбулуктун күчөшүнө өбөлгө түзүү. Куралдуу террорчул топторго Америка менен Батыштын коргоосу алдындасыңар, бүлдүргүч аракеттериңерди уланта бергиле деген жаңылыш ишара берип жатышат.


БУУнун болжолунда март айында башталган антиөкмөттүк көтөрүлүштү күч менен басуу маалында 2 миңден ашуун карапайым киши бейкүнөө ажал тапты.

Президент Башар Ассадды бийликтен кетүүгө үндөгөн чакырыктар көбөйгөнү менен Коопсуздук кеңешинин резолюция долбоору Орусия менен Кытайдын каршылыгына туш болуп келатат. Бразилия, Индия жана Түштүк Африка да Дамаскка каршы катуу чара көрүүнү колдошпойт.

XS
SM
MD
LG