Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Космос туризми жанданууда


НАСАнын астронавты Терри Виртс космос мейкиндигинде атайын тапшырманы аткарууда. 21-февраль, 2015
НАСАнын астронавты Терри Виртс космос мейкиндигинде атайын тапшырманы аткарууда. 21-февраль, 2015

НАСАнын адистери космосто туристтик космос учактары туташчы жай даярдап баштады. Ал эми жылдыздар арасында пайда болгон кара так изилденүүдө жана мындан ары GPS толкундардын сапаты жакшырышы мүмкүн.

Американын улуттук космостук башкаруу агенттиги же НАСА космосто туристтик аалам учактары үчүн туташтыруучу жайларды жасап баштады.

Даярдоо жумушу бир канча этаптан турат жана ушул жыл ичинде аяктоо пландаштырылууда. Бул долбоор боюнча саякатчы аалам учактары үчүн космосто эки туташтыруучу адаптер жайгаштырылат. Ага кошумча инженерлер Кошмо Штаттардын аалам сегментине электр жана антенн зымдарын жеткирип, келечекте өлкөнүн Флорида аймагынан аба мейкиндигинен сырт жакка туристтик учактар уча алмакчы.

Жогоруда айтылган станцияда жалпысынан жүк ташуу жана экипаж үчүн эл аралык сегиз туташтыруучу порт бар. Ошолордун экөө 2017-жылдан баштап туристтик жана изилдөө максатында колдонула баштайт.

Мындан бир жыл мурун НАСА "Боинг" жана "Спэйс икс" ишканалары менен келишим түзүп, эми ал компаниялар астронавттарды космоско жеткирүү жана кайра алып келүүнүн жаңы жолдорун табуу үстүндө иштеп жатат.

Жылдыздар арасындагы кара так

Февраль айынын биринчи жарымында Чилинин астрономдору жылдыздар арасында эбегейсиз чоң кара тактын ичинен чаң жана газдан турган жарыктын агып чыкканына күбө болду. Бул жарыктын көлөмү күндөн бир канча эсе чоң жана энергиясынын күчү буга чейинки табылган ядорлук тактардан эң кубаттуу болуп эсептелет.

Чаңдардын агымынын ылдамдыгы саатына 29 миллион километрге чейин жетет. Адистердин айтымында, мындай чоң тактар жалпы күн системасын ичине соруп алганга же болбосо катуу ылдамдыкта астероиддерди же матероиддерди сыртка ыргытканга кудурети жетет, анткени алардын көлөмү эбегейсиз чоң болот.

Кара түтүндүн агымын көзөмөлдөгөн обсерваториянын кызматкерлердин айтымында, бул табылга дыкат изилденсе, көптөгөн күн системасынын пайда болушу жана ядролук түзүлүштөргө тиешелүү суроолорго жооп табылышы мүмкүн.

Маалыматтарга ылайык, жаңы табылган чаңдардын топтомун Пекин университетинин астрономдору менен европалык адистер изилдеп баштады.

GPS толкундардын сапаты жакшырат

Окумуштуулар акыркы жылдары жайылып келаткан спутник аркылуу смартфонго окшогон “акылдуу” техникалар толкун жиберип турчу GPS системасынын сапатын жакшыртуу үстүндө иштеп жатканы кабарланууда.

GPS орнотулган автомобиль
GPS орнотулган автомобиль

Жерден 350 км. жогору турган ионосфера катмарындагы иондордун туруксуздугу глобалдык радио толкун системасынын иштешине тоскоол болот. Адистердин айтымында, ушул туруксуздуктан улам жер менен байланышкан толкундар үзүлүп калган учурлар көбөйүүдө.

Андыктан канадалык Нюй Брунски университетинин студенттери НАСАнын илимпоздору менен биргеликте ионосферадагы туруксуздукту изилдеп баштаганы белгилүү болду.

Изилдөөчү топ магнетосфера катмарындагы плазмалардын жарылуусун иликтеп алардын ионосферада навигациялык системага тоскоол болуу себептерин таап чыкмакчы.

Окумуштуулар белгилегендей, изилдөөнүн жыйынтыгында спутник менен жерди байланыштырып турган радио толкундардын сапаты жакшырышы мүмкүн.

GPS навигациялык толкундарын жолдон адашканда смартфондордун “гуугл мап” тиркемесине колдонсо болот.

XS
SM
MD
LG