Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Жашыл" ноутбук жана акылдуу кагаз


Дүйнөдө азыр күндөн энергия алып, кайра кычкылтек бөлүп чыгарган “жашыл” ноутбук, бир канча жолу жазуусун өчүрүп кайра колдоно берчү кагаз жана манжага илип алып сүйлөшө турган уюлдук телефондор кызыгуу жаратууда.

Plant book келечектин ноутбугу

Корей дизайнерлери Хайм Ким (Heim Kim) жана Сеунги Баек (Seunggi Baek) Plant book деген жаңы ноутбуктун моделин иштеп чыгышкан.

Бул моделдин өзгөчөлүгү – дисплейи кагаздай жука жана клавиатурасы сенсордук түзүлүштө. Андан сырткары бул ноутбук экологиялык жактан таза жана күн энергиясы менен өзүн-өзү заряддайт.

Plant өсүмдүк дегенди билдирет, андыктан бул “жашыл” акылдуу ноутбук дарак сыяктуу сууну өзүнө сиңирип алып, кычкылтек бөлүп чыгарат. Ошентип абаны да тазалайт жана күндөн керектүү заттарды алып иштейт. Дизайны атайын түтүкчө сыяктуу ороло турган болуп түзүлгөндүктөн аны үйдөгү гүл сыяктуу суу куюлган идишке "отургузуп", суу менен “курсагын тойгузса” болот.

“Акылдуу кагаздар”

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Жер бетинен кагаз жасоо үчүн жылына 172 млн. дарак кесилет. Бул өз кезегинде экологияга эбегейсиз зыян келтиргени анык.

Бирок азыркы санариптик кылымда бул проблеманы чечип, жаратылыш менен дос кыла турган “акылдуу” барактардын пайда болгону кабарланууда.

Бул сыйкырдуу барактарды Калифорния университетинин химиктери жасап чыгышты. “Акылдуу” кагаздардын өзгөчөлүгү – аларга 20 жолу жазып, кайра өчүрүп, жаңыдан колдонсо болот. Бирок бул дагы чек эмес. Бүгүнкү күндө адистер кагаздардын эффективдүүлүгүн мындан да жогорулатуу үстүндө иштеп жатат.

Мындан сырткары бул баракчалар менен убакытты да үнөмдөй аласыз. Анткени кээ бир сөздөрдү туура эмес жазып алсаңыз башка кагаз колдонуп отурбай эле өчүрүп, оңдоп койсоңуз болот.

Электр зымсыз музыка уккучтар

Баарыбыз эле көчөдө жүргөндө, коомдук транспортто баратканда музыка укканды жактырабыз. Бирок кулакчындар чөнтөгүбүздө же баштыгыбызда чаташып калса, кыжырыбыз келет эмеспи.

Бирок мындан ары бул ыңгайсыздык дагы жоюлчудай. Америкалык Helios Bluetooth компаниясы улама зымдары жок bluetooth менен иштечү кулакчындарды чыгарды. Ал чөнтөктөгү смартфон менен көзгө көрүнбөгөн электер толкундары аркылуу байланышат. Бул аппараттардын дагы бир өзгөчөлүгү – алар кулагыбызда илинип турганда эле күн энергиясынан заряд алып иштей берет жана досуңуз менен bluetooth аркылуу угуп жаткан музыканы бөлүшсөңүз болот.

Манжа телефондор

Көлөмү шакектей болгон чөнтөк телефонду көрдүңүз беле? Эми колуңуздун манжасы менен аралыктан сүйлөшө аласыз. “Нокиа” компаниясынын дизайнерлери шакек сыяктуу манжага тагып ала турган уюлдук телефон ойлоп тапканы кабарланууда. Бул телефондун маркасы “Нокиа ФИТ” деп аталат.

ФИТ шакекфондордун башка смартфондордон айырмасы - ал жумшак силикондон жасалып, чоюлгандыктан каалаган манжага кийгизип алганга жарайт. Аны менен кадимки чөнтөк телефондой эле чалууга, СМС жазып жөнөтүүгө жана чалууларга жооп берүүгө болот. Мындан сырткары ал жеңил, ыңгайлуу жана ичине суу өткөрбөгөнү менен да айырмаланат.

XS
SM
MD
LG