Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Суу кене Женифер Лопестин ысымын алды


АКШ -- Атактуу ырчы Женифер Лопес, 20-ноябрь, 2011.
АКШ -- Атактуу ырчы Женифер Лопес, 20-ноябрь, 2011.

Microsoft компаниясы “акылдуу» көз айнекти патенттеди. Жаңы табылган суу кене ырчы Женифер Лопездин атынан Лопеза деп аталды. Бириккен Араб эмираттары Улуттук космос агенттигин ачууну көздөөдө.

Microsoft компаниясы “акылдуу» көз айнекти патенттеди

Ал адамдын жүрүм-турумуна негизделген визуализация системасы деп аталат. Бул хайтек колдонуучунун айлана тегерегиндеги бардык буюмдарды таанып, алардын иш аракеттерине мүнөздөмө бере алат. Маселен, көз айнекке орнотулган атайын камера автоунааны көргөндө дароо анын ылдамдыгын, багытын аныктап, ал эле эмес өз ээсин сүзүп кетер-кетпесин аныктай алат.

Ошондой эле «акылдуу» көз айнек реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнү айкалыштырып көрсөтө алат.

Байкоочулар Microsoft Glass деп аталган миникомпьютер чыгарууну көздөп жатканын айтышууда. Бир аз мурда эле компания жаңы технологияны патенттеген. Ал адамдын көз карашы менен башкарылып, электрондук китептерди, журнал, кат, документтерди көрсөтө алат. Эгер колдонуучу башка бир нерсеге алаксып кетсе, система текстти ошол жеринде өзгөртпөй сактап турат.

Жаңы табылган суу кене Лопеза деп аталды

Черногория, Индия жана АКШнын биологдору биргелешип Пуэрто Рикодо сууда тапкан кененин жаңы түрүн Женифер Лопестин урматына Лопеза деп аташты. Окумуштуулар илимий иликтөө жүрүп жатканда футбол боюнча чемпионатты көрүп, таанымал арчы Женифер Лопестин ырларын угушкан. Латын америкалык аткаруучунун ырлары аларга жакшы маанай тартуулап, демине дем кошкондон улам жаңы табылган кенени Лопеза деп аташты. Анын үстүнө Женифер Лопес АКШнын курамына кирген Пуэрто Рико аралында туулган.

Лопеза кенеси Пуэрто Рико менен Доминикан Республикасын бөлүп турган Мона кысыгынан 70 метр суу тереңинде табылган. Лопеза – таанымал ырчынын атынан аталган биринчи жандык эмес. Буга чейин дагы окумуштуулар ар кандай таасирлерден улам курт-кумурскаларга Фредди Меркьюринин, Мик Жаггердин ысымдарын ыйгарышкан.

Байыркы тиранозаврлар үйүрү менен жүрүшкөн

Окумуштуулар Канададан байыркы жаныбарлардын изин тапкан соң ушундай бүтүмгө келишти. Палеонтологдордун пикирине караганда, алар үйүрү менен жүргөндө башка жаныбарларды оңой-олтоң курмандыкка чалып, тамак-аш табышкан. Иликтөөлөрдүн толук жыйынтыктары Plus Оne журналына жарыяланды. Тироназврлардын аң улоосу көптөн бери окумуштуулар арасында талаш-тартыш жаратып келген. Байыркы жаныбарлар жалгыздап жүргөн деген ой окумуштуулар чөйрөсүндө басымдуулук кылган. Канаданын Драй аралындагы үңкүрдө бир нече тиранозаврдын издери чогуу табылган. Окумуштуулар тиранозаврлар башка чөп жегич туугандарына кол салып турушкан деп божомолдойт.

Бириккен Араб эмираттары Улуттук космос агенттигин ачат

Арабдардын алгачкы космостук аппараты 2021-жылы Марска учаары айтылууда. Бул окуя Перс булуңунда араб мамлекети негизделишинин 50 жылдыгына карата ишке ашмакчы.

“Араб эмираттары планеталар аралык жаңы изилдөөлөрдү жүргүзө турган доорду баштоо алдында. Биздин башкы максатыбыз Марска жетүү жана бул бизге дем берет”, - деген БАЭнин вице-президенти, шейх Мухаммед бен Рашид ал-Мактум улуттук космос агенттигине 5 миллиард доллар бөлгөнүн кабарлады.

Араб эмираттарынын улуттук космос агенттиги бир нече уюмду, анын ичинде спутниктерди чыгарган “Дубайсайт” компаниясын бириктирет. Бириккен Араб эмираттары жаңы космос аппараты Марс планетасына тогуз айдын ичинде жетет деп пландоодо.

Ал арада Улуу Британия бир жылдын аралыгында улуттук космодром курууну көздөөдө. The Guardian басылмасы жазгандай космодром коммерциялык максатта, маселен, туристтерди космоско ташууга багытталат.

Учурда космодром курууга ылайыктуу аймак тандалууда, болжол менен сегиз жер, анын ичинде Шотландиянын түндүгү дагы каралууда.

Космодромду британиялык Virgin Galactic компаниясы курат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, бир туристтин Жерди эки жарым саатта айланган саякаты миң доллар болмокчу.

XS
SM
MD
LG