Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Украина түркмөн газын алмай болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркмөнстан Украинаны жаратылыш газы жана мунай менен камсыз кыларын орусиялык басылмалар жазды.

Түркмөнстан Украинаны жаратылыш газы жана мунай менен камсыз кылат деп маалымдайт Росбалт.ру интернет-басылмасы. Ашхабад менен Киев энергетикалык тармакта кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашкан. Бүгүнкү күндө Түркмөнстанда украиналык капитал менен 30га жакын ишкана катталган, 80ден ашуун инвестициялык долбоорлор ишке ашууда. Өнүккөн транспорт жана порт инфраструктасы бар Украина Түркмөнстанга Европа менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууга жардам берери айтылат.

Дүйнөлүк банктын жардамы

"Регнум" интернет-басылмасы Дүйнөлүк банк Борбор Азиядагы климаттын кескин өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтууга 38 миллион доллар бөлгөнүн жазды. Каражаттын 14 миллиону Өзбекстанга, 9 миллиону Тажикстанга жана калганы Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык уюмга берилмечи.

“Абанын төрт градуска көтөрүлүшү региондогу мөңгүлөрдүн 75 пайызга чейин кыскарышына жеткирет, бул Борбор Азиядагы айыл чарба өндүрүшүнө, энергетика жана суу менен камсыздоого кескин залакасын тийгизет” деп айтылат Дүйнөлүк уюмдун докладында.

Быйыл бул долбоордун алкагында Өзбекстан менен Тажикстанда 240 миң жаран материалдык жардам алышат. Ал эми Борбор Азиянын башка өлкөлөрү программага келерки эки жылда кошулушмакчы.

Орусиянын Ошко жардамы

Британия Казакстанга газ чыгара турган төрт завод куруп берет деп жазат Правда.ру басылмасы. Эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишим боюнча британиялык өнөктөштөр Астана, Караганда, Темиртау жана Жезказган шаарларында пландаштырылган бул долбоорлорго үч миллиард доллардан ашык каражат берет. Бул заводдордун курулушу Казакстандын борбордук жана түндүк аймактарын жылуулук менен камсыз кылып, жаратылыш газынын тарифтерин кыскартат деп белгиленет макалада.

"Орусия Кыргызстандын Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына көпүрө куруп берди" деп жазат "Российская газета". Үч жылга созулган бул курулушка орус өкмөтү 30 миллион доллар берген. Ак-Буура дарыясындагы узундугу 265 метр жаңы көпүрө 50 жылдан бери жаңыртылбай турган жерге салынган. Орусия Кыргызстандын башкы донору катары быйыл 100 миллионго жакын доллар кайтарымсыз жардам бергени кошумчаланат.

Өзбекстан акцияларын сатууда

Өзбекстан төрт ишкананын мамлекеттик акцияларын сатыкка койгонун РИА Новости кабарлайт. Расмий Ташкент инвесторлорго айнек чыгаруучу “Кварц” заводунун, азот жер семирткичтерин өндүрүүчү "Ферганаазот” ишканасынын, ошондой эле “Самаркандхимия” жана “Джизакпластмасса” ишканаларынын мамлекеттик үлүшүн сатып алууну сунуштап жатканы айтылат макалада. Бул төрт ишканадагы мамлекеттик акциялар жалпысынан 270 миллион долладын тегерегинде бааланууда. Президент Ислам Каримов ушул жылдын май айында мамлекеттик акциялары сатыкка чыкчу 68 ишкананын тизмесин бекиткен.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG