Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58

Аялдар зомбулуктан, эркектер арактан жапа чегүүдө


АКШнын чалгындоо кызматында иштеп кеткен жигиттин дүйнөгө бүлүк салган ачылышы, Хамид Карзай Вашингтонго таарынганы, соңку изилдөөлөр – Батыш басма сөзүндөгү башкы темалар болду.

Жекшембиде бардык чет элдик маалымат каражаттары АКШнын чалгындоо кызматтарынын жашыруун документтерин коомчулукка жар салган Эдвард Сноудендин Гонконгдон Москвага сапар тартканын жазышты. Британиялык Guardian басылмасы 6-июнь күнү ЦРУнун мурдагы техникалык кызматкери Сноуденден алган кеңири маалыматты жарыялап, АКШ өкмөтү дүйнөнүн ар тарабындагы миллиондогон кишилердин телефон сүйлөшүүлөрүн жана интернеттеги кат-кабарын байкоого алаарын жазып чыккан. Ошондой кооптуу маалыматты коомчулукка жар салган 29 жаштагы Сноуден: “Мен мындай акциям үчүн сөзсүз жапа чегээримди билгем. Бирок ушундай жашыруун мыйзамдар, жасакер сот жана чексиз бийликке маашырланган чоңдордун көшөгөсүн бир саамга болсо да сыйрып салганыма өкүнбөйм”, - деген билдирүү жасады. Дүйнөдөгү бардык маалымат агенттиктери ушу маалда Сноуден Москвадан ары кайда барат деп баскан изин аңдып турган кез.

Батыштык маалымат каражаттары өткөн аптада Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын Америкага таарынып, Талибан менен сүйлөшүүдөн баш тартканын кеңири талдашты. Financial Times гезити жазгандай, ооган президенти шаршембиде Катарда өтөөрү пландалган 3 тараптуу сүйлөшүүдөн гана эмес, аскердик кызматташтык тууралуу АКШ менен эки тараптуу жолугушуудан да баш тартты. Талибанга кадимки бийлик бутагындай көңүл бурулуп, Катарда талибдердин расмий кеңсеси ачылып, анын чатыры астына Ооганстан Ислам Эмираты деген жазуу илингени Хамид Карзайдын ачуусун аябай келтирген. Карзайдын атынан таратылган билдирүүдө талиптердин Катарда иш кеңсесинин ачылышына кайсы бир чет мамлекет жардам көрсөткөнү айтылат. АКШ анын аскер командачылары талиптерди биротоло багындырууга күчү жетпээрин моюндаган бир нече жылдан бери Ооган өкмөтү менен Талибан ортосунда сүйлөшүү уюштурууга кам көрүп келатат.

Өткөн жумада болбой калган жолугушуу эми качан өтөөрү белгисиз. Эмдиги жылы НАТОнун күчтөрү чыгарылгандан кийин Ооганстан кайрадан касташкан тараптардын кандуу согушуна кириптер болобу деп чочулаган АКШ, Карзайдын өкмөтү жана талибдердин байистүү бөлүгү сүйлөшүүгө кызыкдар. Карзай эми андай жолугушуу Кабулда өтсө ойлонуп көрөөрүн кыйытты. Ал талиптерди Ооган өкмөтүнө теңтайлаш бир мыйзамдуу тарап катары кабылдоого караманча каршы экенин жашырган жок. АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарыла турган мөөнөт жакындап калды, 2014-жылга дейре Вашингтон Ооганстанда кандай көлөмдөгү жана кандай кызмат аркалай турган аскерин калтыраарын Карзайдын өкмөтү менен тактап-аныктап алышы керек. Азырынча Талибандын Катардагы кеңсесинин айынан бул сүйлөшүү да үзгүлтүккө учурады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бейшембиде жаңы изилдөөсүн жарыялап, дүйнөдө аялдардын үчтөн бири үйдөгү зордук-зомбулуктан жабыр тартып келатканын билдирди. Guardian жана башка басылмалар бул жаңы документти анализдеп, жыл сайын киши колдуу болуп өлгөн аялдардын 40% күйөөсү, же жигитинин колунан жантаслим болгонун баяндайт. Дүйнөлүк саламаттык уюму мындай глобалдык кайгылуу көрүнүштү токтотуш үчүн бийликтегилерге бардык жерлерде догдурлар жана башка адистер аркылуу үй-бүлөдө ар кандай коркунуч алдында жашаган аялдарды эртерээк аныктап, аларга жардам берүү чараларын колго алууга үндөйт.

The Economist журналы кайсы өлкөлөр алкоголдук ичимдикти баарынан көп керектээрин эсептеп чыгып, ортоңку класс, же орточо жашаган үй-бүлөлөр көбөйүп бараткан Кытайда алкоголдук ичимдиктерди керектөө жылдан жылга өсүп баратканын белгилейт. Ошентсе да, кытайлыктардын 99 пайызы ичкен байжиу ичимдиги дүйнөдө кеңири таанылган ичимдиктердин тизмесинде төмөнкү саптан көтөрүлө элек. Ал эми бүткүл дүйнөгө таанымал водка, же аракты ичүү жагынан орусиялыктар биринчиликти башкаларга бербей келет. 2012-жылы бардыгы 2 миллиарддан ашуун литр арак ичилип, балдар, аялдар, карыларды бөлбөй, калктын жалпы жан башына эсептей келгенде, ар бир орусиялык бир жылда 14 литр арак керектеген болот. Ошол эле арак – Орусияда эркектер арасында ар бир бешинчи өлүмгө себепкер болгонун The Economist журналы баса белгилейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG