Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ЕККУнун “этият оптимизми” эмнени түшүндүрөт?


Бишкектеги №1215 добушканадагы эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар, 30-октябр, 2011-жыл
Бишкектеги №1215 добушканадагы эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар, 30-октябр, 2011-жыл

ЕKKУнун Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун маалымат катчысы Йенс-Хаген Эсхенбехер президенттик шайлоого баасын билдирди.


ЕККУнун Парламенттик Ассамблея Кеңеши менен Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросунун (ДИАУБ) шайлоого көз салган байкоочулары "талапкерлерге кеңири шарт түзүлүп, өнөктүк ачык-айкын өтүп, негизги эркиндиктер сакталды" деп баалады. Уюмдун билдирүүсүндө “Кыргызстандын келечегине этият оптимизм менен карап турабыз” деген пикир дагы айтылды. "Азаттык" ДИАУБдун маалымат катчысы Йенс-Хаген Эсхенбехерди кепке тартты.

"Азаттык": ЕККУнун миссиясынын билдирүүсүндө айтылган “этият оптимизм” эмнени түшүндүрөт?

Эсхенбехер: “Этият оптимизм” деген ЕККУнун Парламенттик Ассамблея Кеңеши тарабынан берилген баа. Андыктан Демократиялык институттар жана Адам укуктары бюросу буга толук түшүнүк бере албайт. Ал эми биздин байкоолор тууралуу айтсак, позитивдүү элементтер болду. Айрыкча шайлоого көптөгөн талапкерлер катышып, алар кең-кесири өнөктүк жүргүзө алышты. Шайлоо алдында жарандардын укуктары бузулган жок, ээн-эркин чогулуулар, өз оюн эркин билдирүү сыяктуу шарттардын бардыгы аткарылды. Бирок ага карабастан, шайлоо күнү бир топ көйгөйлөр чыкты. Айрыкча добуштарды саноо менен жыйынтыктарды чыгарууда кемчиликтер болду.

"Азаттык": Одоно кемчиликтер эмнеден кетти?

Эсхенбехер: Шайлоочулардын тизмесинин тактыгы менен сапаты. Тизмеге кирбей калган шайлоочулар, тобу менен бюллетендерди таштоо, бир кишинин бир нече жерде добуш берүүсү сыяктуу кемчиликтер катталды. Биздин байкоочулар адамдарды бир шайлоо бекетинен экинчисине ташып, добуш бердирткен учурларды каттаган. Добуш бергендердин бармагына коюлган сыя текшерилбей калган учурлар болду. Ошондой эле айрым жерлерде протоколдор жогорку деңгээлдеги комиссия тарабынан оңдолуп, же толтурлган фактылар болгон. Айрым шайлоо бекеттеринде биздин байкоочулар добуштарды саноо, жыйынтыктарды жазууга катыштырылган эмес.

"Азаттык": Жогорудагы сиз айткан мыйзам бузуулар кайсы аймактарда көп катталды?

Эсхенбехер: Биз байкоочулар берген маалыматты анализдеп, бир системага салып жатабыз. Ушул маалда мен тигил же бул аймак деп так маалымат бере албайм. Биздин 400го чукул байкоочуларбыз, анын ичинде Парламенттик Ассамблея Кеңешинин өкүлдөрү өлкө боюнча шайлоого көз салды. Жалпылаштырып айтсам, биздин байкоочулар жалпы шайлоо бекеттеринин үчтөн биринде добуштарды саноого катышты десек, алардын басымдуу бөлүгүндө терс көрүнүштөрдү катташкан.

"Азаттык": Мына ушул мыйзам бузуулар канча пайызды түзөт? Колуңардагы маалыматка таянып айта аласызбы?

Эсхенбехер: Мындай мурда күтүлбөгөн кемчиликтердин процесске таасир этишин сандык жактан көрсөтүү өтө татаал. Биздин байкоочулардан келген билдирүүлөрдү карасак, олуттуу мүчүлүштүктөрдү көрүүгө болот. Эми кыргыз бийлиги мыйзам бузууларды иликтеп, ага жол бергендерди жоопко тартуусу абзел.

"Азаттык": Тизмеге кирбей калган шайлоочулардын санын канча деп болжолдоп жатасыңар? Алардын пайыздык көрсөткүчү чоң болсо шайлоонун жыйытыгына таасири кандай болот?

Эсхенбехер: Биринчиден, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жаңы системасы позитивдүү жана ал бул жолу ишке киргенин көрдүк. Шайлоочулардын тизмеси буга чейинки шайлоолордо деле көйгөй жаратып келген, тилекке каршы ал кемчилик четтетилбептир. Тизме шайлоого укугу бар бардык жарандарды камтышы керек. Шайлоочулардын бир тобу тизмеде жоктугуна байланыштуу добуш бере албай калышты. Мен канча киши тизмеде жоктугунан добуш бере албай калганын айта албайм. Бизге келген билдирүүлөрдө бир жерде 30 шайлоочу, дагы башка жерде 100 киши добуш бере албай калды деген эле маалыматтар бар. Кыргыз бийлиги дагы тизмеге кирбей, добуш бербей калгандарды каттаган жок.

"Азаттык": Добуш берүүдө башка улуттардын укуктары бузулган фактылар катталдыбы?

Эсхенбехер: Биздин байкоочулар улуттук азчылыктардын добуш берүүгө катышкандыгын тастыктады. Ошол эле кезде жалпы жараянды алып карасак, башка улуттар көп жашаган аймактарда интеграциялоо саясаты менен коопсуздукту толук камсыздоонун жоктугу байкалды. Бул болсо алардын шайлоо өнөктүгүндөгү түрдүү иштерге катышуусун азайтып, ал тургай аларды обочолонтуп койду. Шайлоо материалдарынын кыргыз жана орус тилдеринде гана чыгарылышы башка улуттук топтордун өз тилинде маалымат алуусун чектеди. Ал эми башка улуттар добуш бербей калды деген маалыматыбыз жок. Кошумчалай кетсем, Ош менен Жалал Абадда биздин 100гө чукул байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө көз салды.

"Азаттык": Шайлоого катышкан талапкерлердин айрымдары ЕККУнун байкоочулар миссиясын “жалган маалымат берди” деп айыптады. Сиз буга кандай карайсыз?

Эсхенбехер: Жок, биз муну менен макул эмеспиз. Анткени ЕККУнун билдирүүсү шайлоо күнү жана ага чейин бир нече апта бою жер-жерлерде болгон биздин байкоочулар менен эксперттердин баасына, анализине негизделген. Андыктан биздин баяндамаларды түрдүү тараптар кеңири колдонот. Дагы айтаарым, биздин баяндама байкоочуларыбыз чогулткан так жана ар тараптуу маалыматка негизделген.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG