Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Обама: Иранды дипломатия менен ийге келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар


Обама: Иран менен сүйлөшөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Обама: Иран менен сүйлөшөбүз

АКШ президенти Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы талашты чечүүдө дипломатиялык ыкмалар жарамдуу деп эсептейт. Барак Обама бул тууралуу Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку урууга даярданып жатышы мүмкүн делген Израилдин премьер-министри менен Вашингтондо жолуккандан кийин айтты. Бул аралыкта Иран талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылды.

Президент Обама дүйнөнүн ири алты өлкөсү менен Ирандын сүйлөшүүлөрү кайра жанданат деп ишенет. Бул Батыш - Тегеран тирешүүсүн дипломатиялык жол менен чеүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк тартуулап жатат:

-Бизде бул талаш дипломатиялык жол менен жөнгө салынуусуна али дагы мүмкүнчүлүк бар. Бул менин эле көз-карашым эмес. Бул биздин жана Израилдин чалгын мекемелеринин расмий өкүлдөрүнүн көз-карашы. Андыктан, биз кысым көргөзүүнү улантабыз, ага катар Иран режими эл аралык коомчулукка милдеттемелерин аткарып жатканына жана өзөктүк курал жасоону көздөбөгөнүнө кепилдик берүү аркылуу мамлекеттер жамаатына кайра кошула алгыдай да жол беребиз.

Барак Обама кошумчалгандай, азырынча убактысы жана жери тактала элек сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы дипломатиялык мүмкүнчүлүктүн бар-жогун дагы аныктайт:

-Мен биринчи эле кездешүүдө бурулуш болот деп күтпөйм. Бирок менимче, биз анда алар (иран бийлиги) бул маселени чечүүгө канчалык ынтызар экендигин дароо эле сезе алабыз. Бул жерде алар эл аралык коомчулукка белги бергидей жана текшерүүгө болгудай кадамдарды жасай алат.

Барак Обама Вашингтондогу басма сөз жыйынды Ирандын өзөктүк куралга ээ болушунан катуу чочулаган Израиль алдындагы милдеттемесин дагы бир ирет ырастоо үчүн да пайдаланды. Бирок аскерий чара жөнүндө ашыкча эле сөз кыла берүүгө каршы экендигин да эскертти.

Сокку уруу ыктымалдуулугу АКШ президенти менен Израилдин премьер-министри Биньяминь Нетаньяхунун дүйшөмбүдө Ак үйдө болгон сүйлөшүүлөрүнүн көңүл борборунда турду.

Ал жолугушууда премьер Нетаньяху Израил Иранга сокку уруу боюнча кандайдыр бир чечимге келе электигин ырастады. Бирок мындай ыктымалдуулуктан биротоло баш тарткандыгын ишара кылбады.

Обама Вашингтондогу басма сөз жыйында Иран маселеси боюнча азыр президенттикке ат салышууга камданып жаткан республикачыл атаандаштарынын сынына да жооп кайтарды.

Республикачылар Обаманы бул маселеде абдан эле жумшактыкты көргөзүп жатканы үчүн айыпташкан эле. Обама саясий атаандаштары өлкөнүн куралдуу күчтөрдүн командачысы эместигине жана аларда жоопкерчилик аздыгын белгилеп, согуш “оюн эместигин” эскертти.


Санкциялар запкысынан Иран сүйлөшүүнү сунуштады

АКШ президентинин Вашингтондогу соңку билдирүүлөрүнө чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия Тегерандын сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу жөнүндөгү сунушуна макул болгон эле.


"Иран биздин катка жообубузду эл аралык коомчулукка конструктивдүү жана ачык-айкын жооп берүүнүн мүмкүнчүлүгү катары кабылдоосу керек. Германия Ирандын өзөктүк программасы боюнча олуттуу жана предметтүү диалогго катышууга даяр", - Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле.

Батыш өлкөлөрү жана Израиль Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасап жатат деп шектенсе, Тегеран бул тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет.

Бирок Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын өзөктүк программасы боюнча “олуттуу тынчыздануу” бардыгын айтууда.

Уюмдун Башкы директору Юкиа Амано МАГАТЭнин Директорлор кеңешинин апта башындагы жыйынында белгилегендей, Тегеран тараптан кызматташтыктын жоктугунан улам агенттик Ирандын өзөктүк ишмердигинин баары тынчтык максатты көздөрү боюнча “ишенимдүү кепилдик” бере албайт.

Уюмдун инспекторлор тобу Иранга быйыл январда жана февралда барып келгенден кийин да Тегеран менен “негизги пикир-келишпестиктер” кала берүүдө.

Батыш өлкөлөрү соңку ирет Ирандын мунай соодасын, Улуттук банкын жана каржы институттарын бутага алган санкцияларды киргизген.

Ал санкциялар өлкөнүн башкы экспорттук товары - мунайдан түшкөн акчаны алууну кыйындаткандай.

Иран өткөн аптада соода өнөктөрүнөн америкалык доллардын ордуна алтын аларын жарыялаган. Өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Махмуд Бахманинин айтканына караганда, Иран менен аласа-бересе кылган өлкө же өз валютасы, же алтын менен төлөй алат. Тегеран Кытай менен Индиядан аларга сатылган мунайдын акысы үчүн юань жана рупий ала баштады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG