Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

Voyager–1: ири ачылыштар алдыда


Адамзат алгачкы жолу Күн системасынан ары эмне бар экенин аныктаганга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу НАСА маалымдайт. Миллиарддаган километр жол жүргөн космос аппараты эбегейсиз ааламды изилдөөгө чексиз өбөлгө түзөт.

АКШнын Улуттук аэрокосмос агенттиги - НАСАнын Voyager–1 чөлмөгү 36 жыл, сегиз күндөн кийин 19 млрд. чакырым аралыкты учуп өтүп, 13-сентябрда биздин Күн системасынын чегинен ары чыкты. Бул адамзат ойлоп тапкан космос аппараттарынын системалар аралык гелиосферага, мындайча айтканда Күн системасынан ары кеткен алгачкы чөлмөк.

Астрономдор бул космос изилдөөдөгү акылга сыйбаган эң чоң ачылыш жана зор жетишкендик деп жатышат.

“Voyager долбоору мындан 40 жыл мурда башталганда, биз качандыр бир күнү жылдыздар аралык мейкиндикке жетебиз деген ой да келген эмес”, дейт НАСАнын изилдөөчүсү Эд Стоун. “Космосту изилдей баштагандан бери биздин Күн системабыздын көлөмүн жана ал канчалык чоң экенин да так билчү эмеспиз”, дейт ал.

Voyager–1 Флоридадан 1977-жылы 5-сентябрь күнү учуп чыккан. Узак жолунда ал Юпитерди жана Сатурнду, алардын табигый жандоочуларын терең изилдеп чыккан. Чөлмөк секундасына 17 чакырымды басып өтөт, ал жөнөткөн белгилер Жерге 17 саатта гана жетет.

Азыр адамзат ойлоп тапкан Күндөн жаралган айлампадан (системадан) ары чыккан алгачкы чөлмөк, оюбуз жетсе да, көзүбүз жетпеген мейкиндикте жүрөт. Ал башка жылдыздар жараткан жана супернова жарылышынын калдыктарынан пайда болгон материяга чөмүлдү.

Бул жетишкендик адамзатка башка системаларды жана жылдыздарды практикалык түрдө изилдөөгө чоң өбөлгө түзөт. Учурда Voyager–1 ион газы курчаган өтө коюу плазмага сүңгүдү. Эми ал жок дегенде 2025-жылга чейин ошол жактан бизге кабар жөнөтүп турат.

Маалымат сактоо дарамети чөнтөк телефондукунан да чектелүү болгон Voyager–1 Күндүн нуру да жетпеген космостун түпкүрүнө барып, кандай ачылыштарды жасаарын астрономдор чыдамсыздык менен күтүп жатышканын жашырышкан жок.

Чөлмөк атомдук батарея менен иштейт, аны учурууга Кошмо Штаттары дээрлик бир миллиард доллар короткон.

Баса белгилей кетчү нерсе, ал чөлмөктө Жер шарындагы адам баласы, жан-жаныбарлардын добуштарын, сүрөт, видеолорун камтыган алтын диск бар. Ошондой эле Жердин космостогу жайгашкан орду, адам баласынын алты саны, ички органдарынын түзүлүшү, ДНКсы жана генетикалык коду, планетанын жаратылышы бар.

Көркөм өнөрдүн көөнө жана жаңы шедеврлеринен тышкары, азербайжан жана грузин музыкасы, советтик жеңил атлет Валерий Борзовдун сүрөтү, 55 тилде жазылган саламдашуу жана биздин планетаны башка цивилизациялар бизди табуу үчүн жазылган карталар бар.

Дискте “эгер кандайдыр бир цивилизация Voyagerди кармап алып, бул дисктеги маалыматты түшүнсө, бул биздин кайрылуубуз. Биздин добуштарды, илим, сүрөт, музыка, ойлорубузду жана сезимдерибизди сиздерге тартуулайбыз. Өзүбүздүн проблемаларыбызды чечип алып, галактикалык цивилизацияга кошулаар күн келет деп чын жүрөктөн үмүттөнөм”, деген АКШнын ошол кездеги президенти Жимми Картердин башка цивилизацияларга кайрылуусу да бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG