Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Уэббер - мюзиклдин атасы


Эндрю Ллойд Уэббер
Эндрю Ллойд Уэббер

Музыкадагы гигант, Атлантиканын эки тарабына бирдей классик, дүйнөдөгү эң бай кесипкөй композитор, Британиянын эң бай жүз адамынын бири…

Улуу Британиянын канышасы ыроологон «барон», «рыцарь» деген титулдары бар залкар инсан. Бул сөздөр - ХХ кылымдын эң эле таанымал композиторлорунун бири, быйыл туура 70 жашка келген сэр Эндрю Ллойд Уэбберге (Sir Andrew Lloyd Webber, Baron Lloyd-Webber) тиешелүү сөздөр.

Чынында эле Эндрю Ллойд Уэббер батыштын музыкалык дүйнөсүндөгү бештен белгилүү ысым, тирүү классик, музыкадагы гигант. Бир эле мисал келтире кетейин: Уэббердин эң атактуу мюзиклдери бери болгондо кырк жылдан бери Америка менен Англиянын эң мыкты деген театрларынын сахнасынан түшө элек.

Ал эми Нью-Йорктун Бродвей көчөсүндөгү эң мыкты деген театрларда Эндрю Ллойд Уэббердин «Операдагы сыйкыр» (The Phantom of the Opera; 1986), «Евита» (Evita; 1976), «Иусус Христос - супер жылдыз» (Jesus Christ Superstar; 1970), «Мышыктар» (Cats; 1981) сыяктуу мюзиклдери ошол атактуу Бродвейдин маданий символдору же кыя өтпөй турган мактанычы катары кабыл алынып калды.

Ошондон улам Эндрю Ллойд Уэббер азыркы дүйнөдө мюзикл деп аталган музыкалык жанрдын атасы, атасы болбосо да эң атактуу жаратуучусу, деле опера менен опереттанын ортосундагы бир жаңы музыкалык жанрды жараткан улуу композитор катары таанылды.

​Албетте, көпчүлүк угармандар мюзикл деген эмне, анын негизги өзгөчөлүгү кандай деп сурашы мүмкүн. Ага жооп мындай болмокчу: мюзикл деген, жогоруда айтылгандай, классикалык опера менен опереттанын, драма менен кадимки эле хореографиянын, бийдин аралашмасынан турган музыкалык чыгарма. Мындай музыкалык чыгармалардын эң эле атактуулары жана миллиондогон адамдардын сүймөнчүгүнө айлангандары биз сөз кылып отурган англиялык композитор Эндрю Ллойд Уэббердин калемине таандык.

Баарынан маанилүүсү: мен жогоруда атаган мюзиклдерден тараган көп сандаган ырлар өзүнүн популярдуулугу жагынан легендарлуу The Beatles же Rolling Stones эстрада тобунан эч бир калышпайт.

Эми биздин уктуруунун каарманы Эндрю Ллойд Уэббер эмне деген инсан, кайда жана качан туулган деген сыяктуу суроолорго да жооп издей кетели.

Уэббер - нака лондондук. Ал бул шаар менен каны-жаны бир болуп калган адам. Ошол жерде туулган, туулганда да кесипкөй музыканттардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы кесиби боюнча органист экен, Лондондогу музыкалык окуу жайдын көп жылдык деректири болгон киши. Ал эми апасы виолончелде ойногон артист, кичүү бир тууганы Жулиан Уэббер абдан белгилүү виолончелист.

Кыскасын айтканда, Эндрю Ллойд Уэббердин тек-жайы - чыныгы музыкалык бомонд. Ал бармактайынан пианинонун төрт аягын таянып чоңойгон, музыка кулагына эс тарткандан баштап сиңген адам десек туура болот. Бирок музыканттардын үй-бүлөсүндө туулсаң эле музыкадагы гений болосуң деген кепилдик жок го, Эндрю чынында кудай маңдайын сылаган адам экен. Ошон үчүн азыр Эндрю Ллойд Уэббер деген ысым - бүтүндөй Улуу Британия сыймыктанган маданий эмблема, мактанган ысым, музыкадагы тирүү классик, супер жылдыз.

Уэббердин эң эле атактуу ырлары, жогоруда айтылгандай, анын мюзиклдеринен алынган. Маселен, көпчүлүк меломандарга бештен белгилүү Don’t Сry for Me Argentina деген хит—анын “Евита” деген мюзиклинен. Ушул эле сыяктуу бүт дүйнөгө таралып кеткен хиттер “Иисус Хритос - супер жылдыз”, “Операдагы сыйкыр”, “Сүйүүнүн жагдайлары” сыяктуу чыгармалардан алынган.

Азыркы учурда Эндрю Ллойд Уэббер Watership Down деген чоң компаниянын ээси. Ал компания Бродвейдеги жана Лондондогу бир катар музыкалык театрларды көзөмөлдөйт. Жогоруда айтылгандай, сэр Эндрю Англиянын эң бай жүз адамынын бири, тирүү классик, чыныгы легенда.

Ырас, Уэббердин артынан сая түшүп, ар бир чыгармасына ачуу сын пикир айткандар да жок эмес. Ал гана эмес, аны плагиат, башкача айтканда, бирөөлөрдүн музыкалык табылгаларын бир аз өзгөртүп туруп, чыгармаларында эпчил пайдалана берген композитор дегендер да бар.

Бир курдай ошол сынчылары менен соттошкон да учуру болду. Ошого карабастан Эндрю Ллойд Уэббер - жыйырманчы кылымдагы эң эле атактуу жана коммерциялык жактан жолдуу, болгондо да аябагандай жолдуу классик композитор экенин эч ким танбайт жана танууга мүмкүн эмес.

Анда эмесе макалага тиркелген аудио-портретке кулак төшөңүз.

Эндрю Ллойд Уэббер - мюзиклдин атасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG