Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

ИМ тобуна каршы күрөштө жылыш бар


Солдон оңго карай: Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд, Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.
Солдон оңго карай: Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд, Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Ирактын өкмөт башчысы мунайдын арзандашы өлкө экономикасына терс таасирин тийгизгенин айтып, коалицияны курал-жарак жагынан жардам берүүгө чакырды.

Бул тууралуу Лондондо “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшкөн коалициянын өкүлдөрүнүн жыйында айтылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри “Ислам мамлекети” тобу глобалдык проблемага айланганын, бирок топко каршы күрөштө алга жылуу байкалганын белгиледи:

- Араб өлкөлөрүндө "Даеш" деп аталган уюм Сирия же Ирактын гана көйгөйү эмес. "Даеш" – бул глобалдык проблема жана ага туруштук берүү үчүн координацияланган, ар тараптуу жана чечкиндүү чара көрүлүүгө тийиш.

Радикалдуу уюмга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн коалицияга 60тай өлкө кошулган. АКШ, Канада, Австралия, Европанын айрым мамлекеттеринен тышкары ага Иордания, Кувейт, Катар, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн кирет.

Өткөн августтан бери согушкерлердин Сирия жана Ирактагы турумдарына абадан миңге чамалуу сокку урулган. Ирактын куралдуу күчтөрү болсо “Ислам мамлекети” тобу ээлеп алган аймактын 700дөй чарчы километрин кайтарып алууга жетишти.

Ошол эле маалда Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд белгилегендей, Ирактын кыйла алсыраган армиясы ушу тапта согушкерлер менен ири күрөшкө даяр эмес.

Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади мунай баасынын арзандашы өлкө экономикасына чоң залака тийгизгенин айтып, бул куралдуу күчтөрдүн кудуретине да таасир этиши мүмкүн деп эскертти:

- Мунайдын баасы өткөн жылга салыштырганда 40 процентке түштү. Ирактын экономикасы жана бюджети мунайдан 80 процентке көз каранды. Албетте мунун арты өлкө үчүн оор болмокчу.

Абади эл аралык коалицияны керек болсо Иракка курал-жарактан көмөктөшүүгө чакырды.

Керринин айтымында, Вашингтон Ирактын армиясын миналарга каршы жабдылган 250 унаа менен камсыздаган жана жакынкы аралыкта М16 мылтыктарын жөнөтмөкчү.

Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Лондондогу жыйында чет өлкөлүк согушкерлер маселесине көп көңүл буруларын жана алардын эки жакка каттоосун алдын алуу максатында маалымат алмашуу үчүн эксперттер тобу түзүлөрүн айткан.

Коалициянын жолугушуусу Париждеги кол салуудан кийин өткөрүлүп отурат. Теракт уюштургандардын бири, Йемендин чалгындоо кызматынын маалыматына ылайык, "ал-Каиданын" ал өлкөдөгү канатында машыгуудан өтүп келген. Экинчиси болсо “Ислам мамлекети” уюмунун жихадчыларына жан тарткандардан болчу.

Европа полициясынын агенттиги – Европолдун маалыматы боюнча радикалдардын катарына Ирак менен Сирияда европалык 5 миңдей жаран кошулган.

Ал тапта 21-январда Ирактын түндүгүндө күрттөрдүн күчтөрү “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлерине каршы ири чабуул коюшту.

Кабарларга караганда, Пешмерга аскерлери коалициянын аба соккуларынын коштоосунда беш багытта алга жылып, Мосул шаарына жакын жердеги стратегиялык пунктту ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG